Кытайда коронавирустук чектөөлөргө каршы болгондор массалык демонстрацияга чыгышты

Массалык нааразычылык акциялары Синьцзян-Уйгур автономиялуу районундагы Үрүмчү шаарында турак үйдө чыккан өрттөн он адам каза болуп, тогуз киши жаракат алгандан кийин башталды. Бул турак үйдүн жашоочулары COVID-19 эпидемиясынан улам карантинге алынган. 

Үрүмчү шаары үч айдан бери карантинде, анда төрт миллиондой адам жашайт.

Катаал чектөөлөрдөн улам шаар тургундары жүз күндөн ашуун убакыттан бери үйүнөн чыга албай жатышат.

24-ноябрда көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыкканда, эшиги сырттан бек тургандыктан, тургундар сыртка качып чыга албай калганы айтылууда.

Үрүмчү шаар бийлиги бул маалыматты басма сөз жыйынында четке кагып, тургундар коопсуздук техникасын туура эмес аткарган деген билдирүү жасады.

Шинжаңдын баш калаасы Үрүмчүдө башталган каршылык акциялары Кытайдагы бир катар шаарларында анын ичинде  Гуанчжоуда (түштүк Гуандун) да өтүп, университеттердин кампустарына чейин жетти. Ага чыккандар локдаунду токтотууну талап кылышты. Шанхайдагы демонстранттар Кытайдын президенти Си Цзинпиндин кетишин жана Коммунисттик партиянын жетекчилеринин толугу менен алмашуусун талап кылууда. Полиция митингге чыккандарды таркатып, айрымдарын кармап жатат.

Пандемия башталгандан бери Кытайда инфекциянын жайылуусун бийлик катуу көзөмлгө алууда. Дүйнөнүн башка өлкөлөрү эпидемиологиялык чараларды жумшарткан чакта Кытайда райондор, облустар бир нече ай карантинге жабылууда.

Өткөн жуманын башында Хэнань провинциясынын Чжэнчжоу шаарындагы  Apple  продукциясын өндүргөн дүйнөдөгү эң ири Foxconn компаниясынын заводунда жумушчулар эпидемияга каршы чектөөлөр жана айлычк-акылардын кечиктирилишине каршы нааразычылык акциясына чыгышкан.

Натыйжада укук коргоо органдары менен кагылышуулар болгон. Гонконг гезитинин маалыматы боюнча, Пекиндин Ванцзин районунда, бир нече үйдүн жашоочулары коронавирусту жуктуруп алган тургундарды карантиндик жайларга мажбурлабастан, үйдө калууга үндөгөн петицияларга кол коюшкан.

Комментарий жиберүү