Ооганстанда «Хизбут-Тахрирдин» ишмердүүлүгүнө тыюу салынды

 Талибан Ооганстанда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун жана башка эки уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салды.

Ооганстандагы башкаруучу Талибан кыймылы өлкөдө “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” жана башка эки уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салды.

“Башкы чалгындоо башкармалыгынын жетекчилигинин буйругуна ылайык, “Хизб-ут-Тахрир”, “Жамиат Эслах” жана “Нажм” уюмунун ар кандай саясий ишмердүүлүгүнө тыюу салынат”, – деп айтылат Талибандын чалгындоо башкармалыгынын РИА Новостиге түшкөн билдирүүсүндө.

2021-жылдын август айынын башында Талибан кыймылы ооган өкмөттүк күчтөрүнө каршы чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулга кирип, эртеси согуш бүткөнүн жарыялашкан. Августтун акыркы эки жумасында америкалык аскерлердин коргоосунда турган Кабул аэропортунан Батыш өлкөлөрүнүн жарандары жана алар менен кызматташкан оогандыктар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү америкалык аскерлер Кабулдун аэропортунан толук чыгып, америкалык аскерлердин Ооганстандагы дээрлик 20 жылдык турумуна чекит коюшту.

Сентябрдын башында Ооганстандын Убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахун жетектеген, ал Талибандын биринчи бийлиги тушунда Тышкы иштер министрлигин жетектеп турган.

Комментарий жиберүү