Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча комиссиянын жолугушуусу башталды

Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча комиссиянын жолугушуусу башталды

Кыргызстандын кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясы Тажикстанда сүйлөшүүлөргө катышып жатканы кабарланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди. Анын сөзүнө караганда, сүйлөшүүлөр 10-октябрга белгиленген. “Комиссия ал жакта төрт күн болот. Мен да чакырылгам, бирок мен бул жакка келдим”, – деди Ташиев. 27-сентябрда да Баткен облустук администрациясынын алдында эл топтолуп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча кабыл алынган соңку чечимдер жөнүндө маалымат берүүнү талап…

Прочитайте больше

Кыргызстан – Азербайжан кызматташтыгы

Кыргызстан – Азербайжан кызматташтыгы

Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду түзүлөт. Азербайжандын Президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бул шартты бекемдеген документке кол коюулушу күтүлүүдө. Жалпысынан өлкөлөр экономикалык байланыштарды бекемдөөдө, акыркы жылдары мамлекеттер ортосундагы соода жүгүртүү эки эсе өскөн. Ошол эле учурда Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелер байыркы орток тарыхка ээ. Кыргыздар менен азербайжандын тамыры, маданияты, тили, дини, тарыхы жана салттары окшош.

Прочитайте больше

Ош Ирандын Мешхед шаары менен кызматташтыкты өнүктүрөт

Ош Ирандын Мешхед шаары менен кызматташтыкты өнүктүрөт

 Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев Ирандын Хорасан-Резави провинциясынын губернаторунун экономикалык маселелер боюнча орун басары Аболфазл Чаманди жетектеген делегация менен жолугушту.  Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Жолугушууда тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, курулуш, айыл чарба тармагында тажрыйба алмашуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү, медицина тармагында эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнү талкуулашты. Жыйынтыгында Ош жана Ирандын экинчи ири жана калкы көп шаары, Хорасан-Резави провинциясынын административдик борбору болгон Мешхед шаарларынын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Прочитайте больше

Депутат Рахмонго берилген сыйлык боюнча Путинге кайрылуу жасады

Депутат Рахмонго берилген сыйлык боюнча Путинге кайрылуу жасады

  Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Россиянын президенти Владимир Путинге анын Эмомали Рахмонду III даражадагы «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» ордени менен сыйлашына байланышутуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу эл өкүлү кайрылуусун фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Депутат орус тили Кыргызстанда расмий тил экенин, өлкөдө орус тилдүүлөргө урмат көрсөтүлөрүн жана ошондой эле кыргыз тарап Россияга урмат-сый менен мамиле кыларын белгиледи. “Бүгүнкү кайрылуумду Россия Федерациясынын президенти Владимир Владимирович Путинге арнагым келет. Урматтуу Владимир Владимирович! Белгилүү болгондой, орус тили Конституцияда бекемделген жана Кыргызстанда расмий тил…

Прочитайте больше

Путин Украина теракт жасоону уланта берсе катаал жооп аларын эскертти

Путин Украина теракт жасоону уланта берсе катаал жооп аларын эскертти

 Украина бийлиги Россиянын аймагында теракт жасоону уланта берсе Москва катаал жооп кайтарат. Бул тууралуу Россиянын Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди. Путин Крым көпүрөсүндөгү жардыруунун артында Киев режими турганын баса белгиледи. “Криминалисттик жана башка экспертизалардын маалыматтары, ошондой эле ыкчам маалыматтар 8-октябрдагы жардыруу террордук акт экенин көрсөтүп турат. Ал Россиянын жарандык маанилүү инфраструктурасын жок кылууга багытталган теракт.  Аны Украинанын атайын кызматы уюштурганы да айдан ачык”, – деди Путин. Орус лидери ошондой эле Киев режими “Түрк агымы”…

Прочитайте больше