Депутат Рахмонго берилген сыйлык боюнча Путинге кайрылуу жасады

  Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Россиянын президенти Владимир Путинге анын Эмомали Рахмонду III даражадагы «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» ордени менен сыйлашына байланышутуу кайрылуу жасады.

Бул тууралуу эл өкүлү кайрылуусун фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Депутат орус тили Кыргызстанда расмий тил экенин, өлкөдө орус тилдүүлөргө урмат көрсөтүлөрүн жана ошондой эле кыргыз тарап Россияга урмат-сый менен мамиле кыларын белгиледи.

“Бүгүнкү кайрылуумду Россия Федерациясынын президенти Владимир Владимирович Путинге арнагым келет. Урматтуу Владимир Владимирович! Белгилүү болгондой, орус тили Конституцияда бекемделген жана Кыргызстанда расмий тил болуп саналат. Биздин өлкөдө көптөгөн орус тилдүү адамдар жашайт, алардын укуктарын биз урматтайбыз жана жашообуздун бардык чөйрөсүндө коргоону камсыз кылабыз. Биздин мамлекет, кыргыз элибиз сиздерге өзгөчө урмат-сый менен мамиле кылат”, – деди ал.

Ал 5-октябрда Путиндин Тажикстандын президентине сыйлык тапшырылганына бир чети таң калып, бир чети шектенип жатканын билдирип, 2021-жылы дагы тажик тарап кыргыздарга баскынчылык кылгандан кийин Рахмонго сыйлык бергенин эске салып өттү.

“Менин кайрылуумдун себеби – шектенүү, таң калуу, баш аламандык. Эки күн мурун Тажикстандын президенти, баскынчы Эмомали Рахмонду ушул жылдын сентябрь айында биздин аймакка басып киргенден кийин дароо эле “Аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылгандыгы үчүн” III даражадагы “Мекенге кызматы үчүн” медалы менен сыйладыңыз. Былтыр 2021-жылдын апрелинде да тажик тараптан Кыргызстанга куралдуу агрессия болгондон кийин дароо эле Рахмонго “Мамлекеттер ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн” медалы ыйгарылган.

Биз кыргыздар Тажикистандын Кыргызстанга агрессивдүү куралдуу басып киришинен кийин эмне үчүн агрессорду орден менен сыйлап жатканыңызды түшүнө албай жатабыз? Көптөгөн аскер кызматкерлери жана карапайым калк каза болду, 700дөн ашык үй өрттөлдү, 10 миңден ашуун адам үй-жайсыз калды. Алардын жашаганга жери жок, алдыда болсо кыш келе жатат.

Сиздин иш-аракеттериңиз агрессор менен сиздин ортоңузда кандайдыр бир жашыруун сыр сыяктуу таасир калтырат. Мен бул жөн гана кокустук экенине ишенгим келет”, – деп жазды Токторбаев.

Комментарий жиберүү