Ош Ирандын Мешхед шаары менен кызматташтыкты өнүктүрөт

 Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев Ирандын Хорасан-Резави провинциясынын губернаторунун экономикалык маселелер боюнча орун басары Аболфазл Чаманди жетектеген делегация менен жолугушту. 

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, курулуш, айыл чарба тармагында тажрыйба алмашуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү, медицина тармагында эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнү талкуулашты.

Жыйынтыгында Ош жана Ирандын экинчи ири жана калкы көп шаары, Хорасан-Резави провинциясынын административдик борбору болгон Мешхед шаарларынын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Комментарий жиберүү