Путин Украина теракт жасоону уланта берсе катаал жооп аларын эскертти

 Украина бийлиги Россиянын аймагында теракт жасоону уланта берсе Москва катаал жооп кайтарат. Бул тууралуу Россиянын Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Путин Крым көпүрөсүндөгү жардыруунун артында Киев режими турганын баса белгиледи.

“Криминалисттик жана башка экспертизалардын маалыматтары, ошондой эле ыкчам маалыматтар 8-октябрдагы жардыруу террордук акт экенин көрсөтүп турат. Ал Россиянын жарандык маанилүү инфраструктурасын жок кылууга багытталган теракт.  Аны Украинанын атайын кызматы уюштурганы да айдан ачык”, – деди Путин.

Орус лидери ошондой эле Киев режими “Түрк агымы” газ өткөрүү системасынын бир бөлүгүн жардыруу аракетин көргөнүн билдирди.

“Киев режими өзүнүн иш-аракеттери менен өзүн эл аралык террордук топтор менен бир катарга койду. Мындай кылмыштарды жоопсуз калтыруу мүмкүн болбой калды”, – деп баса белгиледи Путин.

Ал орус аскерлери Украинанын энергетикалык, аскерий башкаруу жана коммуникация объектилерине топтоштурулган сокку урганын айтты.

“Эгер биздин аймакта теракт жасоо аракеттери улана берсе, анда Россия тараптын жообу да катаал болот. Мындан эч ким күмөн санабашы керек”, – деген Путин.

Эске салсак, 8-октябрь күнү эртең менен Крым көпүрөсүндө жарылуу болгон. Россиянын президенти Владимир Путин  көпүрөдөгү жардырууну уюштурууга Украинанын атайын кызматын айыптаган

Комментарий жиберүү