Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча комиссиянын жолугушуусу башталды


Кыргызстандын кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясы Тажикстанда сүйлөшүүлөргө катышып жатканы кабарланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.

Анын сөзүнө караганда, сүйлөшүүлөр 10-октябрга белгиленген.

“Комиссия ал жакта төрт күн болот. Мен да чакырылгам, бирок мен бул жакка келдим”, – деди Ташиев.

27-сентябрда да Баткен облустук администрациясынын алдында эл топтолуп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча кабыл алынган соңку чечимдер жөнүндө маалымат берүүнү талап кылышкан.

Акцияга Ак-Сай, Самаркандек жана чек ара тилкесинде жайгашкан башка да айылдардын тургундары катышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин тажик тарап менен кол коюлган протокол тууралуу маалымат беришин талап кылышкан.

25-сентябрда Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун жолугушуусунун жыйынтыгында протокол кабыл алынган. Анын негизинде эки тараптан төрттөн бекет алынмай болгон.

Ташиев чек арадагы постторду алуу чыр-чатактарды болтурбоо максатын көздөй турганын, ал өлкө коопсуздугуна эч кандай коркунуч туудурбасын билдирген.

Быйыл сентябрдын ортосунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында ондогон адамдын өмүрү кыйылган. Бул үчүн эки мамлекет бирин-бири аскердик агрессияга айыптап жатат. Кыргызстан 63 жаранынан ажырап, 200дөн ашыгы жараат алган, чек аралаш айылдарда жүздөгөн үйлөр, социалдык объектилер талкаланган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирди. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып 74 кишинин тизмесин жарыялаган. Бирок маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Комментарий жиберүү