Жапаров Путинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады

Жапаров Путинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады

  Бүгүн, 7-октябрда, президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, 70 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, өлкө лидерлери кыргыз-орус эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, өлкөлөрдүн интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты. “Садыр Жапаров Владимир Путинди 70 жылдык мааракеси менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде Путин Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.Сүйлөшүүнүн…

Прочитайте больше

Ирандын Хорасан-Резави провинциясы Ош облусу менен кызматташат

Ирандын Хорасан-Резави провинциясы Ош облусу менен кызматташат

Ирандын Хорасан-Резави провинциясынын губернаторунун орун басары Абольфазл Чаманди баштаган делегация өкүлдөрү Ош облусуна келишти. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Ирандан келген делеацияны бүгүн, 7-октябрь күнү КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов кабыл алды. “Жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу, айыл чарба жана өндүрүш багытында тажрыйба алмашуу, инвестиция, медицина багытында иштешүү тууралуу сүйлөшүштү”, – деп айтылат маалыматта. Хорасан-Резави провинциясынан келген делегация өкүлдөрү Ош облусундагы өндүрүш жана айыл чарба…

Прочитайте больше

АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Бишкекке келди

АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Бишкекке келди

 АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Элизабет Трюдо Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Анда мамлекеттик катчынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Трюдонун сапары басма сөз эркиндигин, гендерлик теңчиликти жана инклюзивдик экономикалык өнүгүүнү колдоого багытталганы айтылат. Трюдо Бишкек сапарынын алдында Өзбекстанда болгон. Буга чейин АКШнын мамлекеттик департаменти Трюдо Кыргызстандан тышкары Непал, Бириккен Араб Эмираттары жана Өзбекстанга да барарын билдирген. Маалыматта Трюдо Кыргызстандан ЖМК өкүлдөрү, уюмдар жана социалдык тармактын активдүү колдонуучулары ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү…

Прочитайте больше

Эрдоган, Алиев жана Пашинян Прагада жолукту

Эрдоган, Алиев жана Пашинян Прагада жолукту

  Прагада Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ортомчулугу астында бей расмий жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуу Европалык саясий шериктештиктин саммитинин алкагында өткөнүн Sputnik Türkiye сайты жарыялады.  Азербайжан президенти Илхам Алиев Армения тараптан жакшы ниет болсо, жыл аягына чейин тынчтык келишимине кол коюлушу мүмкүн экенин билдирди. “Бир нече убакыт мурун мен Армения тараптан жакшы ниет болсо, жылдын аягына чейин тынчтык келишимине кол коюлушу мүмкүн деп айткам. Убакыт өтүп баратат, демилгелерибиз оңой менен алга жылбай жатат, тышкы…

Прочитайте больше