АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Бишкекке келди

 АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Элизабет Трюдо Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Анда мамлекеттик катчынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Трюдонун сапары басма сөз эркиндигин, гендерлик теңчиликти жана инклюзивдик экономикалык өнүгүүнү колдоого багытталганы айтылат.

Трюдо Бишкек сапарынын алдында Өзбекстанда болгон.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик департаменти Трюдо Кыргызстандан тышкары Непал, Бириккен Араб Эмираттары жана Өзбекстанга да барарын билдирген.

Маалыматта Трюдо Кыргызстандан ЖМК өкүлдөрү, уюмдар жана социалдык тармактын активдүү колдонуучулары ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү менен да жолугушаары күтүлүп жатканы айтылган.

Дипломаттын 12 күндүк сапары 28-сентябрда башталып, 9-октябрга чейин уланат.

Комментарий жиберүү