Жапаров Путинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады

  Бүгүн, 7-октябрда, президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, 70 жылдыгы менен куттуктады.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өлкө лидерлери кыргыз-орус эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, өлкөлөрдүн интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

“Садыр Жапаров Владимир Путинди 70 жылдык мааракеси менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде Путин Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптардын түбөлүк союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духундагы эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга даярдыгы белгиленди”, – деп айтылат билдирүүдө.

Өлкө лидерлери өз ара байланышты туруктуу негизде колдоону шартташышты.

Комментарий жиберүү