Эрдоган, Алиев жана Пашинян Прагада жолукту

  Прагада Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ортомчулугу астында бей расмий жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуу Европалык саясий шериктештиктин саммитинин алкагында өткөнүн Sputnik Türkiye сайты жарыялады. 

Азербайжан президенти Илхам Алиев Армения тараптан жакшы ниет болсо, жыл аягына чейин тынчтык келишимине кол коюлушу мүмкүн экенин билдирди.

“Бир нече убакыт мурун мен Армения тараптан жакшы ниет болсо, жылдын аягына чейин тынчтык келишимине кол коюлушу мүмкүн деп айткам. Убакыт өтүп баратат, демилгелерибиз оңой менен алга жылбай жатат, тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу биринчи жолугушуудан конкреттүү жыйынтык бербесе да, бул жакшы кадам деп ойлойм. Жакынкы аралыкта чечим кабыл алынса, эки өлкөнүн жумушчу топтору тынчтык келишиминин текстинин үстүндө иштей баштаса, жыл аягына чейин бир пикирге келе алабыз деп ойлойм”,-деди Алиев.

Учурда Прагада Азербайжан, Армения, Франция лидерлеринин жана Евробиримдик Кеңешинин төрт тараптуу жолугушуусу 6-октябрдан бери өтүүдө. Ага Азербайжан президенти Илхам Алиев, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Шарль Мишель жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Түркия лидери Режап Тайып Эрдоган катышууда.

Комментарий жиберүү