“Түндүк агым” куурларынан газдын агып чыгышы токтоду

Балтика деңизиндеги “Түндүк агым-1” жана “Түндүк агым-2” куурларынан газдын агып чыгышы токтогонун Даниянын Энергетика агенттиги билдирди.

“Nord Stream 2 AG компаниясы Даниянын Энергетика агенттигине учурда куурдун ичинде туруктуу басым пайда болгонун кабарлады,” – деп жазылат билдирүүдө.

Орусиянын “Газпром” компаниясынын маалыматына ылайык, жарылган куурлардын ичинде 800 миллион куб метр газ болгон. Мындай көлөмдү Дания үч айда керектейт.

БУУнун Айлана-чөйрөнү коргоо программасы бул тарыхтагы метан газынын эң ири көлөмдө сыртка чыккан учуру экенин билдирди. Канаданын GHGSat уюмунун изилдөөчүлөрү спутниктен тартылган сүрөттөрдү изилдеп чыгып, төрт тешиктердин биринен саатына 22 миң килограмм газ чыгып жатканын аныкташкан. Бул саатына 286 миң тонна көмүр жакканга тете деп жазылат уюмдун баяндамасында.

26-сентябрда “Түндүк агым-1” жана “Түндүк агым-2” газ куурлары жарылып, сууга газ атылып чыккан. Деңиздин куур өткөн бөлүгүн көзөмөлдөгөн Швеция менен Дания куурлар атайлап жардырылган болушу мүмкүн деп жарыялады. Германия, Улуу Британия да ушундай жүйөнү карманууда.

Баштапкы иликтөөлөрдө бул жерге жарылуучу заттарды суучулдар таштап кетип, кийин аралыктан жардырышы ыктымал деп айтылды. Der Tagesspiegel басылмасы жазгандай, немис атайын кызматтары жардырууларды уюштурууга Орусиядан же Украинадан, украинчил күчтөрдөн күмөн санап жатат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги болсо аварияга АКШнын тиешеси болушу мүмкүн деген кыйытма билдирүү таратты. Пентагондун өкүлү Reuters агенттигине берген комментарийинде бул ишке Кошмо Штаттардын таптакыр тиешеси жок экенин маалымдады. Вашингтон иликтөө иштери бүткөндөн кийин гана бүтүм чыгарууга чакырууда.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү