Иран лидери өлкөдөгү баш аламандыктардын артында ким турганын айтты

  Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өлкөдө эки жумадан ашык убакыттан бери уланып жаткан масштабдуу нааразылык акциялары боюнча биринчи жолу комментарий берди.

Ал өлкөдөгү башаламандыктарды уюштурууга АКШ менен Израилди күнөөлөдү.

Хаменеи  башаламандык жаратып, Куранга, мечитке, хижабка, банкка, элдин унааларына  кол салуулар алдын ала пландалганын билдирди.

Хаменеи Тегеранда студенттердин тобу – келечектеги полициячылар менен жолугушуу учурунда өлкөдөгү башаламандыктар менен толкундоолорду Америка, сионисттик режим жана алардын тыңчылары чет өлкөдө жүргөн бир нече саткын ирандыктардын жардамы менен жасаганы айтты.

Ал 22 жаштагы Махса Амининин өлүмү аны кайгыга батырганын кошумчалады.

“Куранды, мечитти, банктарды жана жеке менчикти (унааларды) өрттөп, хижаюды жулгандар адилеттикти жактабаганы анык. Мындай аракеттер кадыресе көрүнүш эмес, бул башаламандык жаратуу үчүн пландалган акция”,-деди Ислам революциясынын лидери.

Ирандагы башаламандыктар 22 жаштагы Махса Амини аттуу студенттин өлүмүнөн кийин тутанган. 13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы аны көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен. Амининин абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, өлкөдөгү нааразычылыктардын натыйжасында кеминде 41 адам каза болуп, дагы 1500 киши кармалган. Каза болгондор менен жаракат алгандардын арасында коопсуздук күчтөрү да бар.

Комментарий жиберүү