Путин Запорожье АЭСин Россиянын менчигине өткөрүү жарлыгына кол койду

Россиянын президенти Владимир Путин өкмөттү Запорожье атомдук электр станциясындагы (АЭС) объектилерди федералдык менчикке алууга милдеттендирген жарлыкка кол койду.

Алты энергоблогу бар бул атомдук электр станция Европадагы ири АЭС болуп эсептелет. Ал Украинанын Россия көзөмөлгө алган Запорожье облусунун Энергодар шаарында жайгашкан.

Путин 5-октябрда Украинанын төрт аймагын, анын ичинде Запорожье облусун да аннексиялоо тууралуу конституциялык мыйзамдарга кол койгон.

Путиндин жарлыгына ылайык, “Запорожье АЭСи” деп аталган мамлекеттик ишкана түзүлүп, ага станциянын бардык мүлкү өткөрүлүшү керек. Аны иштетүү менен “Запорожье АЭСин эксплуатациялоочу уюм” аттуу акционердик коом алектенет.

Россия АЭС жайгашкан Энергодар шаарын быйыл март айында өз көзөмөлүнө алган. Бүгүнкү күндө АЭСтеги энергоблоктордун көпчүлүгү токтотулган. Станциянын аймагы байма-бай аткыланып, бул үчүн тараптар бири-бирин айыптап келишет.

Буга чейин, 5-октябрда Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрү электр станцияга жакын аймакты аткылоону улантып жатканын билдирген. Ведомствонун маалыматы боюнча, Украинадан 43төн ашык снаряд атылган.

Запорожье АЭСинин акыркы иштеп жаткан блогу тынымсыз чабуулдардан улам 11-сентябрда токтотулган.

Комментарий жиберүү