Нигерияда кайык кырсыкка учурап, 76адам каза болду

 Нигериянын Анамбра штатынын Огбару аймагында кайык кырсыкка учурап, 76 адам каза тапты.

Бул тууралуу өлкөнүн президенттик кеңсеси билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, ишемби күнү эртең менен болгон кырсыкка суу ташкыны себеп болгон. Оодарылып кеткен моторлуу кайыкта жалпы 85 жүргүнчү болгон. Тез жардам кызматы тогуз адам куткарылганын, 76 адамдын каза болгонун тастыктады.

Нигериянын президенти Мухаммад Бухари окуяга байланыштуу көңүл айтты.

Буга чейин Vanguard жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар агенттигине шилтеме берүү менен Анамбра штатында кайык оодарылып, 76 адам дайынсыз жоголгонун билдирген.

Комментарий жиберүү