АКШнын Ооганстандын ички иштерине кийлигишүүсүн улантуусу өлкөдөгү кырдаалды дагы татаалдаштырат. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан БУУнун башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү, БУУнун Башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын башчысы Роза Отунбаева менен Тегеранда өткөн жолугушуусунда билдирди. «АКШнын Ооганстандын ички иштерине максаттуу кийлигишүүсүн улантуусу өлкөдөгү кырдаалды татаалдаштырат», – деди Абдоллахиан. Министр АКШнын Ооганстанда болгон жылдары ал жерде ойногон деструктивдүү ролун белгиледи. Дипломат ошондой эле миллиондогон ооган жарандарынын Иранда кабыл алынышына токтолуп, БУУну ооган качкындарын…
Прочитайте большеMonth: May 2024
Иранда чыгаан акын Фирдоуси эскерилүүдө
Жыл сайын 15-майда Иранда перс адабиятынын жана поэзиясынын жана да Иран элинин мартабасын көтөргөн даанышмадардын бири, улуу акын Абулкасым Фирдоусинин эскерүү жана аны менен карат фарси тилинин күнү белгиленип келет. Фирдоуси 920-940 жылдар аралыгында Тус шаарына жакын Хорасанда, дыйкандын үй-бүлөөсүндө жарык дүйнөгө келип, 1020-жылы көзү өткөн. Абулкасым Фирдоуси иран элинин эң улуу эпостук чыгармасы деп эсептелген “Шахнаме” башкача айтканда “Шахтар китеби” поэтикалык эпосун 35 жыл жазган. Фирдоуси өзүнүн шедеври менен перс маданиятын жана адабиятын сактап…
Прочитайте большеИзраилдин операциясынан улам бир жумада Рафахтан 360 миңдей киши чыгып кетти
Израиль армиясынын аскердик операциясынын башталышынан улам бир жумада Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарынан 360 миңге жакын палестиналык чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Жакынкы Чыгышта палестин качкындарына жардам берүү жана ишти уюштуруу агенттигинин (UNRWA, БАПОР) билдирди. “Бир жума мурун эвакуациялоо боюнча биринчи чакырык жасалгандан кийин 360 миңге жакын адам Рафахты таштап чыгып кетишти”,-деп айтылат маалыматта. Газа тилкесинин түндүк аймактарынын жашоочулары да аткылоодон качуу үчүн үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз экени белгиленген. “Тилкедеги палестиналыктардын бара…
Прочитайте большеОоганстандын Баглан провинциясында селден каза болгондордун саны 315ке жетти
Ооганстандын түндүгүндөгү Баглан провинциясында катуу жамгырдан кийинки селден 315 кишинин өмүрү кыйылып, 1600дөн ашуун адам жараат алганын “Талибан” өкмөтүнүн Качкындар иштери боюнча министрлиги 12-май күнү билдирди. Ооганстандын түндүгүндөгү жана түндүк-чыгышындагы бир нече провинцияда катуу жамгырдан кийин сел жүргөн. Баглан провинциясы суу-ташкындан эң көп жабыркаган аймак деп эсептелди. Анткени, жолдор жана көпүрөлөр жарактан чыккан. Кырсыктын кесепетинен провинциянын суу каптаган аймактарына жардам убагында жетпей, жардам көрсөтүү үчүн бараткан унааларды баткактан чыгаруу үчүн армия оор техника колдонууга аргасыз…
Прочитайте большеБелгилүү укук коргоочу Т. Акун БУУга, дүйнө лидерлерине кайрылды
Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин Координатору, Кыргызстан Укук Коргоо Кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш токтотуу үчүн БУУга, дүйнө лидерлерине кайрылды. Ал эгер тез арада бул эки элдин ортосундагы жаңжал тынчтык жолу менен чечилбесе, анда үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кетип, бүтүндөй адамзаттын башына каран түн түшүп калуу коркунучун да эскертти. Улуттар УюмунаДүйнө лидерлерине Кайрылуу Урматтуу Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрү! Урматтуу Америка, коллективдүү Батыш, Кытай жана азыркы абалга кайдыгер эмес башка…
Прочитайте большеАлматыда Азербайжан менен Армениянын чек ара тууралуу сүйлөшүүлөрү башталды
Еревандагы нааразылык акцияларга карабай, Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Алматыда кайрадан сүйлөшүүлөрүн жандантты. 11-майда уланган сүйлөшүү Түштүк Кавказдагы кырдаал боюнча тынчтык келишимин түзүүгө багытталды. Баку көп жылдар бою армян тектүүлөр көзөмөлдөп келген Карабак аймагын былтыр кайтарып алган жана аны бекемдөөгө аракеттенүүдө. Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян 10-май күнкү билдирүүсүндө Ереван тынч келишимге эле эмес, транспорттук каттамдарды ачууга да даяр экенин айткан. Тараптар 19-апрелде кол койгон протоколго ылайык, Ереван менен Баку чек аранын айрым тилкелери боюнча…
Прочитайте большеБУУнун Башкы ассамблеясы палестиналыктардын уюмга мүчө болуу укугун тааныган резолюцияны кабыл алды
Жума күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы палестиналыктардын Уюмга толук кандуу мүчө болуу укугун тааныган резолюцияны колдоп, Коопсуздук Кеңешин бул маселени кайра карап чыгууга чакырды. Аны 143 өлкө колдоп, тогузу каршы, 25и добуш берүүдөн карманды. Резолюцияны кабыл алуу үчүн мүчө мамлекеттердин үчтөн экисинин добушу керек болчу. Палестина жана араб өлкөлөрүнүн тобу бул резолюциянын долбоорун бекитүү Палестинага Бириккен Улуттар Уюмунда көбүрөөк укуктарды жана артыкчылыктарды берет деп сунуш кылышкан. Резолюцияны колдобогондордун арасында АКШ да бар. АКШнын БУУдагы миссиясынын басма сөз…
Прочитайте большеСадыр Жапаров Москвада Жеңиш парадына катышты. Сүрөт
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Россияга болгон иш сапарынын алкагында Москва шаарында Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган парадга катышты. Кызыл аянттагы башкы аскердик парадга 9 миңден ашуун адам, 70 даана аскер техникасы жана авиация катышты. Жөө колоннанын курамына салттуу болгон түрлөрү боюнча бөлүнгөн полктор, батальондор жана роталар кирди. Парадга мамлекеттердин лидерлери: Беларусь – Александр Лукашенко, Казакстан – Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан – Садыр Жапаров, Россия – Владимир Путин, Тажикстан – Эмомали…
Прочитайте большеКыргыз элин жана өлкө башчысын Жеңиш күнү менен куттуктаган өлкө лидерлери
Бир катар өлкөлөрдүн президенттери кыргызстандыктарды, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана президент Садыр Жапаровду Жеңиш күнү менен куттукташты. Мамлекет башчыларынын куттуктоолорун президенттин маалымат кызматы жарыялады. Россия Биринчилерден болуп куттуктоо телеграммасы Россиянын президенти Владимир Путинден келип, анда: “Россия жана Кыргызстан элдери үчүн бул майрам көөнөрбөс мааниге ээ. Сансыз курмандыктарды жана оор кыйынчылыктарды туудурган нацисттик баскынчыларды талкалаган аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын – фронттун жоокерлери менен ооруктун эмгекчилеринин элесин ыйык сактайбыз. Алар мураска калтырган бир туугандык достук жана…
Прочитайте большеИзраиль Рафахта операция баштады. Учурда эмнелер белгилүү
Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) Рафах шаарында аскердик операция башталганын жана Газа тилкесинин Египет менен чек арасындагы чек ара бекетин көзөмөлгө алганын жарыялады. Израилдин аскерлери шаардын чыгыш тарабына кирип, чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекетинен тургундардын жана гуманитардык жардамдардын өтүшү токтотулду. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Израилди аймактагы чыр-чатактын курчушун токтотууга жана Газадагы ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө конструктивдүү катышууга чакырды. Рафахтагы кырдаал 6-майда Израил армиясы Рафах шаарынын Израиль менен чек арага жакын чыгыш тилкесиндеги тургундарын башка жакка кетүүгө,…
Прочитайте большеTikTok тиркеменин АКШда тыюу салынышына каршы сотко берди
Аталган тиркемеге тыюу салуу тууралуу мыйзам АКШда TikTok америкалыктардын маалыматын кытай бийлиги тиркеме аркылуу чогултуу менен улуттук коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн экендиги айтылгандан кийин кабыл алынган TikTok жана анын кытайлык өнөктөш компаниясы ByteDance АКШ өкмөтүн президент Жо Байден тарабынан кол коюлган компанияга тыюу салуу тууралуу мыйзамга каршы сотко кайрылышты. Компаниядан билдиришкендей, жаңы мыйзам АКШнын сөз эркиндигине кепилдик берген Конституциясына Биринчи түзөтүүгө каршы келет. АКШда кабыл алынган мыйзам кытайлык ByteDance компаниясына TikTokтун америкалык бөлүгүн сегиз айга чейинки мөөнөттө…
Прочитайте большеЕгипет Израилдин Рафахтагы аскердик операциясын айыптады
Египет Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында Израиль армиясынын согуштук операцияларын айыптады. Бул туурасында араб тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат. «Египет Араб Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Палестинанын Рафах шаарындагы Израилдин согуштук операцияларын жана анын натыйжасында “Рафах” көзөмөл-өткөрмө бекетинин анклав тарабындагы бөлүгүн өз көзөмөлүнө алганын катуу айыптайт», – деп айтылат билдирүүдө. Билдирүүгө караганда, Каир Израилдин аракеттерин “Газа тилкесиндеги жашоонун негизги жолу болгон» “Рафах” чек ара бекетине көз каранды болгон миллиондон ашык палестиналыктардын өмүрүнө коркунуч туудурган кооптуу эскалация…
Прочитайте большеАКШ конгрессмени: АКШ Израилдин Газадагы геноцидинин өнөктөшү
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мусулман мүчөсү Рашида Тлаиб АКШ президенти Жо Байденди жана кесиптештерин Израилге Газадагы маанилүү “Рафах” өткөрмө бекетинекол салуусунан кийин бул режимге миллиарддаган долларлык жардам көрсөтүүнү улантып жатканы үчүн сындап, Вашингтон бул аракети менен Израилдин Газадагы геноцидинин өнөктөшү деп атады. Израиль дүйшөмбү күнү эл аралык каршылыктарга карабастан, Газа тилкесинин түштүгүндө жайгашкан Рафах шаарына кургактан кол салууга уруксат берди. Израиль армиясы Рафахтын калкын эвакуациялоого даярдык көрө баштаганын билдирип, шаардын чыгыш бөлүгүндөгү калкты аймакты таштап,…
Прочитайте большеМосквадагы аскердик парадга кайсы өлкөлөрдүн президенттери катышат?
Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 79 жылдыгына карата 9-майда Орусиянын борбору Москвада өтө турган аскердик парадга кайсы өлкөлөрдүн президенттери катышары белгилүү болду. Парадга Кыргызстандан Садыр Жапаров, Беларустан Александр Лукашенко, Казакстандан Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандан Эмомали Рахмон, Түркмөнстандан Сердар Бердымухамедов, Кубадан Мигель Тканел Бермодес, Лаостон Тхонглун Сисулит жана Гвинеядан Бисау Умару катышат. Бул тууралуу Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин РИА Новости жазды. Мындан тышкары, парадга КМШ, Союздук мамлекеттердин жана ЖККУ, ЕАЭБ, Евразия өнүктүрүү банкы, Шанхай…
Прочитайте большеКытай Швейцарияда Украина боюнча “тынчтык конференциясын” колдогон жок
Кытай эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин Францияга болгон расмий сапарынын жүрүшүндө президент Эмманюэль Макрондун Украина боюнча Швейцарияда “тынчтык конференциясын” өткөрүү сунушун колдогон жок. Себеби Кытайга Россия керек. Эгер мындай сүйлөшүүлөр болгон учурда да Кытай Швейцариядагы конференцияга катышпайт. “Кытай Россия жана Россия тарабынан баардык тараптардын тең укуктуу негизде таанылган жана тынчтыкты камсыз кылуучу адилет талкууну, балансташтырылган, натыйжалуу жана туруктуу, коопсуз Европаны гана колдогон заманбап эл аралык тынчтык конференциясын колдойт”. Бул тууралуу КЭР төрагасы Си Цзинпин билдиргендигин Синьхуа агенттиги…
Прочитайте больше