Владимир Путин бүгүн бешинчи жолу Россия президенти кызматына киришет. Анын салтанаттуу ант берген инаугурациясы чак түштө Кремлде өтөт. Президенттин инаугурациясы – мамлекет башчылык кызматка киришүүнүн салтанаттуу жөрөлгөсү. “Инаугурация” сөзү латынча “inaugure” – “арнаймын” деген сөздөн келип чыккан. Буга чейин Путин бул антты төрт ирет берген. Эгер алгачкы ирет, 2000-жылы ал кездеги 47 жаштагы талапкерге 52,94% россиялыктар добуш берсе, 2004-жылы – 71,31%, 2012-жылы – 63,6%, 2018-жылы – 76,7%, быйылкы жылдын мартындагы шайлоодо 71 жаштагы Россия президенттигине…
Прочитайте большеMonth: May 2024
АКШ Газада согуш башталгандан бери биринчи жолу Израилге ок-дары берүүнү токтотту
АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы өткөн жумада америкалык өндүрүштөн чыккан ок-дарыларды Израилге берүүнү токтоткондугун Axios басылмасына эки израилдик чиновник айткандыгына таянып Медуза билдирди. Бирок маалыматта сөз ок-дары бир эле жолу же толук токтотулгандыгы так айтылган эмес. Ошол эле учурда америкалык чиновниктер эмне үчүн мындай чечим кабыл алышкандыгын да басылма тактаган жок. Алардын айтуусунда, ХАМАС менен Израилдин ортосунда согуш чыккан 2023-жылдын октябрынан бери Америка Израилге биринчи жолу ок-дары берүүнү токтотуп жатышы Израиль өкмөтүндө олуттуу тынчсызданууну жаратып,…
Прочитайте большеБразилияда суу ташкындан 39 адам каза болду
Бразилиянын түштүк штаты Риу-Гранди-ду-Сулдагы нөшөрлөп жааган жамгырдан 39 адамдын өмүрү кыйылгандыгын Reuters маалымдады. Штаттын жарандык коргонуу башкармалыгы дагы 70ке жакын адам белгисиз жок болуп жаткандыгын билдирди. Ал эми аз дегенде 24 миң адам өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту. Жалпысынан өлкөдөгү 497 штаттын жарымынан көбүндө нөшөрлөгөн жамгыр жаады. «Биз жакынкы күндөрү көпчүлүк регондорго барууга мүмкүнчүлүк жаралганда бул цифралар кескин өзгөрүшү мүмкүн», – деп билдирди штаттын губернатору Эдуардо Лейте. 1 of 5 -+ Дарыялар көп Такуари өрөөнүндөгү…
Прочитайте большеС. Жапаров 9-майда Москвадагы Жеңиш Парадына катышат
Президент Садыр Жапаров 8-майда Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш Парадына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Жогорку Евразия экономалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары “2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча жана “2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин Эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө” баяндамаларды угушат. Бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу, анын…
Прочитайте большеДушмандык аракеттерге асимметриялык жооп: Москва Прибалтикага эскертүү берди
Россия Прибалтика өлкөлөрүнүн душмандык аракеттерине асимметриялык чаралар менен жооп берет. Бул тууралуу 5-майда Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин Reuters агенттиги жазды. “Москва Прибалтика өлкөлөрүнүн душмандык аракеттерине экономикалык жана транзиттик чөйрөдө ассиметриялык чаралар менен жооп берет”, – деди ал. Захарова Россиянын Прибалтика өлкөлөрү менен мамилелерди толук үзүшү ыктымалдыгы тууралуу суроого жооп берип жатып, Москва эч качан дипломатиялык мамилелерди үзүүнү демилгелебей турганын, бирок Балтика өлкөлөрүнүн кастык линиясынан улам бардык мамлекеттер аралык байланыштар үзүлгөнүн белгиледи. “Россия…
Прочитайте большеТүркия Израиль менен соодасын токтотту
Түркия Израиль менен соода байланыштарын токтотту. Бул тууралуу Bloomberg түрк аткаминерлерге шилтеме берүү менен билдирди. Алардын айтымында, Түркия Израилге бардык экспорт жана импортту токтотту. Түркиянын Соода министрлиги Израиль менен соода алмашуу толук токтогондугун ырастаганын РИА Новости жазды. Буга чейин Түркиянын Соода министрлиги Израилге “Газадагы согуштук аракеттер аяктаганга чейин жана анклавга гуманитардык жардамды тоскоолдуксуз жеткирүү үчүн шарттар түзүлгөнгө чейин” 54 аталыштагы өнөр жай товарларын экспорттоого чектөө киргизген. Бирок Израиль бийлиги Газа тилкесиндеги аскердик операцияларын уланткан. “Муну…
Прочитайте большеПакистанда студенттер АКШнын консулдугунун алдына Израилге каршы митингге чыгышты
Америкадагы студенттердин Израилди айыптаган жана Газанын элине тилектештик билдирген акциясын бир катар өлкөлөрдөгү студенттер колдоп чыгышууда. Алсак, Пакистандын түрдүү университеттеринин жүздөгөн студенттери АКШнын Лахордогу консулдугунун алдына чогулуп, Изралдин Газадагы кылмыштарын жана ага Американын колдоо көрсөтүүсүн айыпташты. Акцияны «Прогрессивдүү студенттик коомчулук» уюштуруп, ага Палестинага адилеттикти жана эркиндикти талап кылган студенттердин, саясий жана коомдук ишмерлердин, илимий ишмерлердин, искусство ишмерлеринин жана катардагы жарандардын кеңири чөйрөсү катышты. Катышуучулар газалыктарга тилектештигин көрсөтүү максатында Палестинанын желектерин көтөрүп, палестиндердин символу болгон чаар…
Прочитайте большеГазадагы геноцид. Колумбия Израиль менен мамилесин үзөт
Колумбия 2-майда Израиль менен дипломатиялык мамилесин үзөт. Бул тууралуу колумбиялык лидер Густаво Петро Боготадагы Биринчи Май манифестанциясында билдиргенин чет элдик ЖМКлар жазды. Петро Израилди “геноциддик” президент жана өкмөт башкарарын айтты. “Эртең Израиль мамлекети менен дипломатиялык мамилелерди анын президенти жана өкмөтү геноцид кылып жаткандыгы үчүн үзөбүз. Эгер Палестина жок болсо, адамзат жок болот, биз буга жол бербейбиз”,- деди колумбиялык лидер. Буга чейин Колумбиянын бийликтери Израилди Палестинага карата катаал аракеттери үчүн бир нече жолу сынга алып, Израилден…
Прочитайте большеИранда студенттер палестиндерди колдоо акциясына чыгышты. Сүрөт
Ирандын баш калаасы Тегеранда жана Йезд шаарында студенттер Америка жана Европадагы студенттердин Израилди айыптаган жана Газанын элине тилектештик билдирген акциясын колдоп чыгышты. «Eurasia Today» маалымдагандай, Тегерандагы Ислам Азад университетинин Чыгыш бөлүмүнүн студенттери шейшемби күнү кечинде Газанын эзилген калкын колдоо акциясына чогулуп, аларга колдоо көрсөтүүнү токтотпой турганын билдиришти. Окуу жайдын жетекчиси Сейед Али Мусави ирандык студенттердин Газанын эзилген элине колдоо көрсөтүүсүн маанилүүлүгүнө токтолуп, мындай деди: “Бүгүн Газа эл аралык коомчулуктун ажырагыс бөлүгү болуп калды, ал эми…
Прочитайте большеДССУ: Израилдин Рафахка басып кириши гуманитардык катастрофага алып келет
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус X социалдык тармагында Израиль армиясынын Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына толук масштабдуу басып кирүүсү “гуманитардык катастрофага” алып келерин айтты. Гебрейесус куралдуу кагылышууга катышкан тараптарды “ок атууну токтотууга жана туруктуу тынчтыкка жетишүүгө” чакырды. “Рафахка кеңири масштабдуу басып кирүү гуманитардык катастрофага алып келет. Биз Израилди мындай кадамга барбоого чакырабыз”, – деп жазган ДСУнун башчысы. Шейшембиде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагыларды бошотуу боюнча ХАМАС менен келишимге жетишилбегенине карабастан Израиль армиясы…
Прочитайте больше