Сахабалар: “Пайгамбарыбыз өтө сулуу адам болгон”

Сахабалар: “Пайгамбарыбыз өтө сулуу адам болгон”

Азирети пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) сүйкүмдүү, жүзүнөн жылдызы, нуру төгүлүп турган жан болгон экен. Анын турган турпатына, кебетесине, көрүнүшүнө окшош эч ким жаралган эмес, жаралбайт да. Алланын акыркы элчисинин нур тамылжыган жүзүн жана рухий ааламын аңдап-түшүнүү ашкере кыйын. Бул жагдай туурасында имам Куртуби:“Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) жүзүнүн жамалы толук көрүнгөн эмес. Эгерде анын ай жамалы, аруулугу, сулуулугу толук көрүнгөн болсо, пайгамбарыбызды тик кароого сахабалардын дарамети жетмек эмес”, -дейт. Чынында да пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары…

Прочитайте больше

Окумуштуулар: калп айтуу – ден соолукка зыян

Окумуштуулар: калп айтуу – ден соолукка зыян

Сиз калп айтуунун ден соолукка зыян экенин уктуңуз беле? Америкалык окумуштуулар көп калп айткан адамдын организми ар кандай ооруларды чакырарын изилдеп чыгышкан. Бул эмоционалдык стресс менен байланышып, жыйынтыгында физикалык ооруларга алып келери эксперимент түрүндө тастыкталган. Изилдөөчүлөр көп калп айткан адамдын организми стресске бат кабыларын, муну, ал кайда, качан болбосун, өзүн-өзү контролдоп, кайсы жерде эмне деп калп айтканын эстеп, калпы чыгып калбоосу үчүн тынчсызданары менен байланыштырышкан. Калпычы анын калпын качан чыгарып салышат экен деп ар дайым…

Прочитайте больше

Израиль Sputnik V вакцинасын палестиналыктарга жеткирүүгө бөгөт койду

Израиль Sputnik V вакцинасын палестиналыктарга жеткирүүгө бөгөт койду

Палестина Израилдин орусиялык ковид вакцинасын өткөрбөй койгонун жарыялады. Islam Today маалымат порталы билдиргендей, Израиль Газа тилкесиндеги палестиналыктарга орусиялык Sputnik V коронавирус вакцинасын жеткирүүгө бөгөт койду.Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен The Guardian гезити, Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги Израиль чек ара бекетинде медициналык кызматкерлерге арналган 2000 доза вакцинасы кармалганын жазды.Израилдик булак гезитке билдиргендей, Палестина бийлиги буга чейин Израилдин Улуттук Коопсуздук Кеңешине суроо-талап жөнөткөн, бирок ал дагы деле каралып жатат.Эске салсак, Палестина Орусиянын коронавируска каршы…

Прочитайте больше

Сауд Арабия 2022-жылы өтө турган Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо оюндарын өткөрөт

Сауд Арабия 2022-жылы өтө турган Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо оюндарын өткөрөт

 Сауд Арабия гезити бул өлкө “2022 Дүйнөлүк Чемпионаттын” жана “2023 Азия Кубогунун” төртүнчү топту тандап алуу оюндарын өткөрөрүн ырастаган. Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Азия Футбол Конфедерациясы (АФК) Сауд Арабияны 2022-жылдагы Дүйнөлүк Кубоктун төртүнчү тандоо турунда жана 2023-жылдагы Азия Кубогунун тандоо турунда кабыл алууну көздөп жатат.Бул маселе кечээ АФКнын Конкурс комитетинин отурумунда каралып, топтун оюндары июнь айында өтөт деп пландаштырылган.Белгилей кетсек, төртүнчү топко Өзбекстан, Палестина, Йемен, Сингапур жана Сауд Арабиясы кирет. Ошондой эле, эгер эки команда ден-соолук…

Прочитайте больше

Орусия Лаостогу 580ден ашуун жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандырды

Орусия Лаостогу 580ден ашуун жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандырды

Бир катар орусиялык аскер адистери операция учурунда Лаосто 580ден ашык жарылбай калган бомбанын алдын алышты. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Орусия Лаостогу 580ден ашуун жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандырды.Белгилей кетсек, Орусиянын Коргоо министрлиги бомба жана мина тазалоочу адистер 1960-жылдары АКШдан Лаоско жасалган аба соккусу учурунда 580ден ашуун жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандырганын билдирди.Бул тууралуу ТАСС агенттиги өз маалыматында “Орусиянын Куралдуу Күчтөрү Сяньхуан провинциясынын Лаос Демократиялык Республикасынын Тонгхай Хейн аэропортунун аймагында миналарды тазалоо операциясы учурунда 580ден ашуун жарылуучу зат…

Прочитайте больше

ДССУ: Дүйнөдө COVID-19дун жаңы учурлары азайды

ДССУ: Дүйнөдө COVID-19дун жаңы учурлары азайды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору бешинчи жума катары менен дүйнөдө коронавирус жуктуруунун жаңы учурлары азайып баратканын билдирди. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. “Өткөн жумада октябрь айынан бери бир жуманын ичинде оору жуктуруу эң аз катталды”, – деди Тедрос Адханом Гебрейесус. Анын айтымында, беш жуманын ичинде вирус жуктуруунун жаңы учурлары дээрлик эки эсеге азайган. Февраль айынын башында Гебрейесус жаңы учурлардын санын кыскартуу мутацияны эске алып, пандемиянын жайылышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет деп айткан. Буга чейин ДССУнун эксперти Мария ван Керкховен коронавирустун…

Прочитайте больше

Палестина сионисттик режимдин кылмыштарын иликтөөгө чакырды

Палестина сионисттик режимдин кылмыштарын иликтөөгө чакырды

Палестина автономиясынын Тышкы иштер министрлиги 14- февралда сионисттик режимдин палестиналыктарга каршы кылмыштарын иликтөөнү тездетүүгө чакырган билдирүү жасады. Iran press агенттигинин маалыматына ылайык, Палестина автономиясынын Тышкы иштер министрлиги Гаагадагы Эл аралык Кылмыш Сотунан (ЭКК) Израилдин жана анын отурукташуучуларынын Палестина элине жана алардын жерлерине каршы жасаган кылмыштарын тезинен иликтөөнү суранды.  Белгилей кетсек, Палестина министрлиги ошондой эле Палестина элине каршы жасалган бул кылмышкерлерди жазалоого чакырды.Палестина автономиясы ошондой эле сионисттик режимдин Палестина элине жана алардын ыйык жерлерине каршы агрессиясын айыптап,…

Прочитайте больше

Ирандын эскертүүсү: Кошумча протоколду бир жумадан кийин четке кагабыз

Ирандын эскертүүсү: Кошумча протоколду бир жумадан кийин четке кагабыз

Ирандын өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине мүчөлүгү кала берүүдө. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү эскертүү берип, өзөктүк келишимдин башка тарабы кийинки жумага чейин өз милдеттенмелерин аткарбаса, анда Иран өкмөтү кошумча көзөмөл протоколунун өз ыктыяры менен аткарылышын токтотооорун билдирди.Иран ТИМнин өкүлү Саид Хатибзаде 15-февралда өткөргөн маалымат жыйынында Иран парламентинин 21-февралдагы чечимин тараптардын милдеттенмелерин аткаруу акыркы мөөнөтү деп белгилеп, мындай деп кошумчалады: “Бул токтомго ылайык, эгерде экинчи тарап өз милдеттенмелерин ошол күнгө чейин аткарбаса, Иран өкмөтү…

Прочитайте больше

Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү

Президент Садыр  Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү

Президент Садыр Жапаров учурда пландаштырылып жаткан жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралардын алдында, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясы уланып жатканын эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо зарылдыгына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысы ишин онлайн-форматта улантууда жана өлкөдө болуп жаткан бардык окуяларды көзөмөлдөп турат.

Прочитайте больше

Үй-бүлөлүк зомбулук кайрадан көбөйдү

Үй-бүлөлүк зомбулук кайрадан көбөйдү

2021-жылдын башынан бери Ош облусунда кыз-келиндер арасында өз өмүрүнө кол салган эки учур катталып, тергөө иштери башталган. Муну адистер үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун күчөп баратканы менен түшүндүрүшөт. Милициянын маалыматында, өткөн жылы зомбулукка кабылганын айтып 214 аял арыз жазса, быйыл бир жарым айда эле 50 жаран даттанды. Кыз-келиндер арасында өз өмүрүнө кол салуу – үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка чыдабай, аргасыздан ушул кадамга барышат деп түшүндүрүшөт. Интернеттеги социалдык тармактардагы кыргыз сегментте, бычактан оор жарат алып, ооруканада жаткан келиндин агасы милицияга арыз…

Прочитайте больше

Гвинеяда Эбола эпидемиясы башталгандыгы жарыяланды

Гвинеяда Эбола эпидемиясы башталгандыгы жарыяланды

Гвинеянын түштүк-чыгышында Эбола илдети катталды. Саламаттыкты сактоо министринин төрагалыгы астында өткөн кризистик жыйында лихорадканын жайылышына каршы күрөшүү боюнча бир катар чараларды көрүү чечими кабыл алынды. Аларга оорулуу адамдарды аныктоо жана алар менен байланышта болгон адамдардын бардыгын изоляциялоо кирет. Бул тууралуу “Euronews” телеканалы билдирди. “Бизде Эбола вирусун жуктурган жети учур (төрт эркек жана үч аял) катталды. Үч адам каза болду. Үчөө изоляцияланган. Бир бейтап Канакри шаарында. Экөө Нзерекордо”, – деди өлкөнүн Санитардык коопсуздук боюнча агенттигинин башчысы Сакоба Кейта. Гвинеянын…

Прочитайте больше

Макрон “Коронавируска каршы дүйнөлүк согушта” Орусия жана Кытай менен кызматташууга чакырды

Макрон “Коронавируска каршы дүйнөлүк согушта” Орусия жана Кытай менен кызматташууга чакырды

Франциянын президенти коронавирус пандемиясына каршы глобалдык күрөшүүдө Орусия жана Кытай менен иштешүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу кайталады. ISNA агенттигинин РТ каналына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Франциянын президенти Эммануэль Макрон коронавируска каршы күрөшүүдө орусиялык жана кытайлык вакциналары дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда бекитилүүсү үчүн ар тараптуу кызматташуу керектигин баса белгиледи.Макрон мындай деп кошумчалады: “Коронавируска каршы күрөш глобалдык   кызматташтыксыз ийгиликке жетпейт деп ишенем. Биз учурда убакыт менен атаандашып жатабыз. Эгерде тез жана эффективдүү глобалдык аракет болбосо, биз вируска болгон көзөмөлдү жоготобуз.” Эске…

Прочитайте больше

Орусия Ирак өкмөтүн «Астана диалогу» саммитине катышууга расмий түрдө чакырат

Орусия Ирак өкмөтүн «Астана диалогу» саммитине катышууга расмий түрдө чакырат

Ирак өкмөтү «Астана процесси» саммитине катышуу үчүн Орусиядан расмий чакыруу алды. Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Ирак ТИМи 14-февралда Ирактын тышкы иштер министринин орун басары Низар аль-Хайрулла Орусиянын Багдаддагы элчиси Максим Максимов менен жолугушуп, аны расмий түрдө Астана жыйынына байкоочу катары катушууга чакырганын жарыялады.Билдирүүгө ылайык, Астанадагы процесстин 15-саммити 16 жана 17-февраль күндөрү Орусиянын Сочи шаарында өткөрүлүп, анда Сириядагы коопсуздук, саясий жана гуманитардык өнүгүүлөр талкууланмакчы.Белгилей кетсек, кечэ өткөн Аль-Хайрулла менен Максимовдун жолугушуусунда ар кандай эл аралык жана аймактык маселелер талкууланды.Жолугушуунун жүрүшүндө…

Прочитайте больше

Японияда жалгыздык маселеси боюнча министрдин кызматы пайда болду

Японияда жалгыздык маселеси боюнча министрдин кызматы пайда болду

Японияда жалгыз адамдардын суицидке баруусунун алдын алуу үчүн жалгыздык маселеси боюнча министрдин кызматы пайда болду. Бул тууралуу “Кyodo” агенттиги региондордун турмуштук аракеттерин калыбына келтирүү министри Тэцуси Сакамотого шилтем берип кабарлады. “Ir.Sputnik” агенттигининин маалыматына ылайык, 12-февралда өлкөнүн премьер-министр Ёсихидэ Суга Сакамото менен жолугушуп, ага өзүнүн кызматын жалгыздык маселеси боюнча министрдин кызмат орду менен айкалыштырууну тапшырган. Сакамотонун айтымында, премьер-министр мындай чечимди суициддердин көбөйүшүнөн жана коронавируска байланыштуу  башка көйгөйлөрдөн улам кабыл алган. 2020-жылы Японияда акыркы 11 жылда биринчи жолу суицидке баргандардын саны өскөн. Бул…

Прочитайте больше

АКШ Сириянын ири мунай майданына аэропорт куруп жатат

АКШ Сириянын ири мунай майданына аэропорт куруп жатат

АКШга байланыштуу сириялык күрттөрдүн куралдуу топтору Вашингтон жетектеген коалиция Сириянын Аль-Омар мунай майданына аэропорт куруп жаткандыгын билдиришти. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Сириянын маалымат булактары АКШ жетектеген коалиция Сириянын мунайга бай аймактарында жаңы аэропорт куруп жаткандыгын маалымдашты. Бул кабарды маалымат булактары АКШ колдогон күрттөрдүн күчтөрүнө тиешелүү “Хажин” аскердик кеңешине шилтеме берип билдиришти.Аль-Омар мунай майданы Сириянын ири мунай майдандарынын бири болуп саналат жана Дейр-эз-Зор провинциясынын “Аль-Жазира” чөлүндө жайгашкан.Сириянын мунай кендеринин көпчүлүгү өлкөнүн түндүк-чыгышында, Дейр-эз-Зор жана Аль-Хасака провинцияларында…

Прочитайте больше
1 218 219 220 221 222 230