Чек ара: Кыргызстанда нааразычылыктар болууда

15-апрель күнү Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылынын 100гө жакын тургуну Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгине боз үй тигип, жол тосушканын “Турмуш” агенттиги жарыялады.

16-апрель, 2021-жыл, /Eurasia Today/. Маалыматта айтылгандай, алар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин келип кетүүсүн талап кылышып, Өзбекстан тарапка жерди бербей тургандыктарын айтышкан.

Социалдык тармакка тараган тасмаларда көрүнгөндөй, чек ара маселеси боюнча Бишкектен келген делегация жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев, Кара-Суу районунун акиминин убактылуу милдетин аткаруучу Капар Адиев, райондук мамкаттоо кызматынан өкүлдөрү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Ошого карабастан эл К. Ташиевди келип кетүүсүн суранышкан.

Ынтымак айылынын тургундарынын бири Жоодар Бурхановдун айтымында, элдин негизги талабы суу эмес, чек аранын тосулбашы.

«Биз, Кемпир-Абад менен чектешкен жердебиз. Чек аралар жерлерди алмашуу жолу менен чечилиптир. Биз суунун кетип жатканы боюнча маселе көтөргөн жокпуз. Анткени буга чейин деле суу Өзбекстан тарапка берилип келген. Биздикилер Шахрихан-Сай каналынан бери 50 гектар жерди алмашышыптыр. Биз ошол алмашылган жердин айланасын Өзбекстан тарап тоспосун деген талап менен чыгып жатабыз», – деди Бурханов.

Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Самат Абдуллаевдин айтымында, кечээ комиссия менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин эл таркап кеткен.

«Ынтымак айылынын тургундары 1-апрель күнү Кара-Суунун акимчилигинин алдына барышкан. 8-апрелде Ош облустук администрациясына да барышты. Андан кийин мен аксакалдарды чакырып дагы түшүндүрүү иштерин жүргүздүм. Кечээ, 15-апрелде ызы-чуу болуп, боз үй тигишти. Негизи алмашылган жер Кемпир-Абад суу сактагычынын сол тарабында. Кечээ чек ара боюнча келген комиссияга 10 күн мөөнөт берип, талап коюп жатышат. Элдин талабы Камчыбек Ташиевге чалыңыз, 10 күн ичинде келип кетсин деп талап коюшту. Ошол сүйлөшүүлөрдөн кийин эл тарап кетти», – деди Абдуллаев.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан Өзбекстан менен чек арасы 100 пайыз чечилгени айтылып, анда бир катар жерлер алмашуу жолу менен бир келишимге келишкени маалымдалган. Анын ичинде жогоруда сөз болгон, Шахрихан-Сай каналынын жээгинен 50 гектар жер Өзбекстанга өтөт дегенге нааразы болушууда.

Комментарий жиберүү