Кыргызстан менен Индиянын атайын багыттагы аскерлери машыгуу өткөрөт

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10128 аскер бөлүгүнүн базасында кыргыз-индия биргелешкен атайын багыттагы күчтөрүнүн «Канжар –VIII» машыгуусунун ачылышы болуп өттү.

Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы маалымдайт.

Машыгууга катышуу үчүн индиялык аскерлер Кыргызстандын аймагына келишти.

Кыргызстандык жана индиялык атайын багыттагы бөлүкчөлөрүнүн аскер кызматчылары эки жума бою тоолуу шарттарда мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча атайын операциясын иштеп чыгышат.

Ошондой эле биргелешкен тренингдин планы боюнча тактикалык, тоо, аскердик-медициналык, ок атуу даярдыктары боюнча, чабуул учурунда имараттын ичиндеги аракеттердин тактикасы жана экстремалдуу шарттарга кептелгендеги жашоо аракетинин техникалары боюнча практикалык сабактар жүргүзүлөт.

Машыгуу буга чейинки окутуудагы бардык сабактарды практикалык бышыктоолор менен көрсөткөн тактикалык эпизод аркылуу жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, атайын багыттагы кошуундардын “Канжар” биргелешкен машыгуусу аскер ведомстволор аралык эки достук мамлекеттеринде жыл сайын өтүүдө. Былтыркы жылы Индиянын аймагында өткөн.

Комментарий жиберүү