Иранда мунайдын өндүрүшү болуп көрбөгөндөй өстү

Американын Wall Street Journal гезити Ирандын санкцияланган мунай өндүрүшү  Кытайдын импортунун өсүшүнүн аркасында акыркы эки жылдын ичиндеги эң жогорку деңгээлге жеткенин билдирди.

Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттигине шилтеме берип “Eurasia Today” агенттиги кабарлайт.

Wall Street Journal гезити өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн ортосунда Ирандын чийки мунай зат экспорту көбөйгөнүн, эми Тегеран мурункуга караганда көбүрөөк мунай өндүрүп жатканын жазды. Ошондой эле Ирандын санкцияланган мунай өндүрүшү Кытайдын импортунун өсүшүнүн аркасында акыркы эки жылдын ичинде эң жогорку деңгээлге жеткенин баса белгиледи жана бул өсүштү Тегеран менен өзөктүк келишимди жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдө Батыштын күчүн азайтат деп сыпаттады.

Ушул аптада жарыяланган мунай базарынын эки отчетунда ОПЕК жана Эл аралык энергетика агенттиги Ирандын чийки мунай өндүрүү жаатындагы ири секириктерин өзүнчө белгилеп өтүшкөн.

Эл аралык энергетика агенттигинин маалыматы боюнча, Иран Ислам Республикасы март айында күнүнө 2,3 миллион баррель чийки мунай өндүргөн.

Аталан агенттик билдиргендей, Ирандын учурдагы чийки мунай өндүрүшү 2019-жылдын май айынан берки эң жогорку деңгээлге жеткен.

Бул Эл аралык энергетика агенттиги Иранда чийки мунай өндүрүшүнүн көбөйүшүнө Кытай түрткү болуп жатканын, анткени Пекиндин Тегерандан сатып алуулары күнүнө 600 миң баррелге жеткенин, бул 2020-жылдын тогуз айында сатып алынган чийки мунай заттын көлөмүнөн 5 эсе көп экендигин билдирди.

Ноябрь айында АКШдагы президенттик шайлоодо Жо Байден жеңишке жеткенден кийин, Ирандын базарында Кытай мунай сатып алуучуларынын ири буйрутма берүүчүсүнө айланды.

Комментарий жиберүү