Венада Иран – Орусия – Кытай үч тараптуу жолугушуусу өттү

Венада Орусия, Кытай жана Ирандын делегацияларынын жетекчилери үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү.

Бул тууралуу «Parstoday» агенттигине шилтеме берүү менен “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт.
Орусия менен Кытайдын делегацияларынын төрагалары Ирандын тышкы иштер министринин орун басары, сүйлөшүү тобунун саясий жетекчиси Сейед Аббас Аракчи менен жолугушту.

Венада өзөктүк келишимдин Биргелешкен Комиссиясынын жыйыны Иран жана 4+1 тобунун катышуусу менен уланууда.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, АКШ өкмөтүнүн өкүлдөрү өзөктүк келишим боюнча Биргелешкен Комиссиясынын отурумуна түз же кыйыр түрдө катышышпайт жана алар менен сүйлөшүү жүргүзүлбөйт.

Комментарий жиберүү