Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 3 миллиондон ашты

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны үч миллион адамдан ашты.

Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыкканын “Eurasia Today” агенттиги кабарлайт.

Аталган университеттин эксперттери жүргүзгөн статистикага ылайык, COVID-19ду жуктуруп алган адамдарда оору татаалдашып жатканыдыктан каза болгондордун саны дүйнө жүзү боюнча үч миллиондон ашты. Дүйнөдө бул илдеттен улам каза болгондордун саны 3 000 225 адамга жетти.

Жалпысынан дүйнөдө COVID-19 менен ооруган 39,9 миллиондон ашык учур катталган.

Буга чейин, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебресиесус дүйнөдөгү коронавируска байланыштуу кырдаал жөнүндө жарыялаган билдирүүсүндө, дүйнө жүзү боюнча COVID-19ду жуктуруп алуу жана өлүм учурларынын санынын тынчсыздандыруучу темпи өсүшүн улантып жатканын билдирген.

Комментарий жиберүү