“Президенттин дарысы” коронавируска канчалык таасирдүү?

 “Аконит настойкасы” же кыргызча “Уу коргошун” деп аталган Ысык-Көлдүн тамыры, коронавирусту жок кылуучу дары катары атак-даңкы Кыргызстанда эле эмес, чет жакага да тарап кетти.

Кыргызстандын Саламаттыкты Сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин “Аконит настойкасы” менен коронавирустан дарылануу боюнча элге берген сунушу көпчүлүктүн сын-пикирлерин жаратты. Буга кошумча,  президент Садыр Жапаров дагы бул “сыйкырдуу дары” менен 2020-жылы коронавирустан абакта жатканда дарыланганын айтты.

Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустун экинчи толкунунда бул дары тамыр менен айрым адамдардын дарыланышканын, бирок ал убакта башкаларга айтылбаганын билдирди.

Ал эми, саламаттыкты сактоо министри 16-апрелде  өткөргөн пресс-конференцияда аталган дарыны  өзү түз эфирде ичээрин жана ал туура ченем менен аралаштырылса, ден соолукка зыяны тийбей тургандыгына ынандырган.  Андан соң, “Ала-Арча” резиденциясында “уу коргошундун” тундурмасы жасалып, стерилденген баклашкаларга куюлуп жатканы белгилүү болду. Берилген маалыматтарга ылайык, “коронавируска каршы дарылар” ооруканаларга өткөрүлүп бермекчи жана дарыканаларда сатууга чыгарылбасы белгилүү болду.

Президенттин бул дарыны коронавиурска каршы дарылоодо сунушу учурда коомчулук тарабынан кызуу талкууланууда.

Бир канча фармакологдор, анын ичинде профессор Эрнест Акрамов “Аконит настойкасын” пайдалануу ден соолукка коркунучтуу, атүгүл өлүмгө алып келээрин жана бул дарыга “уу дары” катары тыюу салынганын айтышты.

Эске салсак, “уу коргошун” буга чейин айрым ооруларга, ракка каршы элдик медицинада колдонулган. Бирок, бул тамырда уулуу заттар көп болгондуктан, медицина аркылуу “зыянсыздыгы” тастыкталбай, “ден-соолукка коркунчутуу” дары катары белгилүү.

Комментарий жиберүү