Минскиде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт

Минскиде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт

20-21-июнь күндөрү  Минск шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу Министрлер Кеңешинин  маалымат кызматы билдирди. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн, интеграциялык бирикменин байкоочу мамлекеттеринин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы катышат.  Күн тартибинде электрондук соода, бажы кызматташтыгы маселелерин талкуулоо, мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчет каралган.  Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчылары ошондой эле товарларды идентификациялоо жолу менен маркировкалоону киргизүү, өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялуу…

Прочитайте больше

БУУ: Качкын балдардын саны Экинчи дүйнөлүк согуштан бери рекорддук көрсөткүчкө жетти

БУУ: Качкын балдардын саны Экинчи дүйнөлүк согуштан бери рекорддук көрсөткүчкө жетти

2021-жылдын аягына карата дүйнөдө качкын балдардын саны Экинчи Дүйнөлүк Согуштан берки рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин сайты жазды. Маалыматка караганда, 2021-жылы 36,5 миллион бала үйлөрүн таштап кеткен, анын ичинде 13,7 миллиону качкындар жана баш калкалоого муктаждар. Ошондой эле 22,8 миллион жашы жете элек балдар өз өлкөсүндө жер которушкан. БУУ бул отчетуна климат жана экологиялык көйгөйлөрдөн улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон, ошондой эле Украинадагы согуштук аракеттерден жапа чеккен балдарды кошкон эмес. Фонддун маалыматына караганда,…

Прочитайте больше

Британия Жулиан Ассанжды АКШга экстрадициялоо чечимин чыгарды

Британия Жулиан Ассанжды АКШга экстрадициялоо чечимин чыгарды

Улуу Британиянын ички иштер министри Прити Патель WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды экстрадициялоо тууралуу АКШнын өтүнүчүн колдоду. “17-июнда магистраттык жана Жогорку сот тарабынан каралгандан кийин Жулиан Ассанжды АКШга экстрадициялоо чечими кабыл алынды. Ассанж мырзада чечимдин үстүнөн даттанууга 14 күн убактысы бар”, – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. Британиялык сот былтыр бул боюнча Вашингтондун өтүнүчүн четке каккан эле. Сот Ассанжды АКШга өткөрүү анын психикалык саламаттыгына залакасын тийгизет деп чечкен болчу. Кошмо Штаттардын өкмөтү 50 жаштагы австралиялык жаранды…

Прочитайте больше

Токаев Казакстан Донбасстагы жикчилдерди “республика” катары тааныбай турганын билдирди

Токаев Казакстан Донбасстагы жикчилдерди “республика” катары тааныбай турганын билдирди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Санкт-Петербургдагы Эл аралык экономикалык форумга катышып, бир катар темаларда пикирлери менен бөлүштү. Форумдун 17-июнь күнкү отурумунда ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен бир пленардык жыйынга чыкты. Бул күнкү жыйынды алып барган RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян Токаевге ачык суроо коюп, “Донецкидеги жана Луганскидеги түзүмдөрдү Казакстан тааныйбы?” деп сурады. Казак президенти ага Нур-Султан аларды тааныбай турганын айтты. “Азыркы эл аралык укук Бириккен Улуттар Уюмунун уставына негизделет. Бирок анда камтылган эки принцип…

Прочитайте больше

Израилдин аскердик учактары Газа тилкесине кол салды

Израилдин аскердик учактары Газа тилкесине кол салды

Кол салууда каза болгондор тууралуу маалымат берилген жок. Израиль аскердик учактары Газа тилкесинин ортоңку бөлүгүндө бир аймакка кол салды.  Израиль армиясынан бул тууралуу жасалган кыскача маалыматта аскердик учактардын Хамас Кыймылынын куралдуу канаты Иззеддин ел  –  Кассам полкторуна таандык бир аймакка кол салгандыгы билдирилди бирок кенен маалымат берилген жок.  Кол салууда каза болгондор тууралуу маалымат берилген жок. Кол салуу Израилдин Газадан атылган бир ракетанын атып түшүрүлгөндүгүн билдирүүсүнөн кийин болду. 

Прочитайте больше

Европа кышка камдаган газын азыртадан эле жага баштады

Европа кышка камдаган газын азыртадан эле жага баштады

Россиянын газ берүүнү токтотуусу Европаны кышында жагабыз деп сактап койгон көгүлтүр отун азыртан эле чекесинен пайдаланып баштоосуна мажбур кылды. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазганын РИА Новости маалымдады. Газды жеткирүүнүн азайышы Франция, Италия, Австрия жана Германияга да таасирин тийгизди. Бул Siemens газ куурларындагы оңдоп-түзөө көйгөйүнөн улам “Газпромдун” газ трубинасынын ишин токтотуу чечимине байланыштуу экени айтылды. Европадагы жер алдындагы газ кампаларында сакталган көгүлтүр оттун көлөмү биринчи жолу апрель айында азайган. Маалыматтар боюнча резервдер бир пайыздык пунктка азайган. Адатта…

Прочитайте больше

Израиль аскерлери Батыш Шериага кол салды

Израиль аскерлери Батыш Шериага кол салды

Кол салууда 3 палестиналык каза болуп, 8 киши жаракат алды. Израиль күчтөрү оккупацияга алган Батыш Шеринанын Женин шаарына жасаган кол салуусунда 3 палестиналык каза болуп, 8 киши жаракат алды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта : “Женин шаарында Израиль аскерлери аткан октор менен 3 палестиналык шейит болуп, 8 киши да жаракат алды”,- деп билдирилди.  Палестинанын мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда каза болгон палестиналыктардын Бера Лехлух, Лейс Эбу Сурур жана Юсуф Салах экени аныкталды. Көргөн күбөлөр Израиль аскерлеринин…

Прочитайте больше

Зеленскийдин Европа лидерлери менен жолугушуусу кандай өттү?

Зеленскийдин Европа лидерлери менен жолугушуусу кандай өттү?

Кечээ, 16-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевге келген Германиянын канцлери Олаф Шольц, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Италиянын премьер-министри Марио Драги жана Румыниянын президенти Клаус Йоханнис менен жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Жолугушуудан кийин Зеленский ЕБдин башчылары менен бирге маалымат жыйын өткөрдү. Италиянын премьер-министри Марио Драги өлкө Украинаны Евробиримдиктин бөлүгү катары көргүсү келерин билдирди. Европа лидерлери Киевге тез арада уюмга талапкер деген макамды берүү идеясын колдошту. Зеленский менен ЕБдин лидерлери Россиянын Киевге каршы атайын операциясы башталгандан бери анын айланасындагы маселелерди биринчи жолу жекеме-жеке талкуулашты. Макрон Франция…

Прочитайте больше

Сирия менен Иракта ДЕАШ операциясы

Сирия менен Иракта ДЕАШ операциясы

ДЕАШ менен күрөшүү коалициясы  Сирияда жүргүзгөн операцияда террордук уюм ДЕАШтын негизги башчыларынын бирөөсүн колго түшүргөндүгүн билдирди. Америка Кошмо Штаттарынын жетекчилигинде ДЕАШ менен күрөшүү коалициясы  Сирияда жүргүзгөн операцияда террордук уюм ДЕАШтын негизги башчыларынын бирөөсүн колго түшүргөндүгүн билдирди. Биргелешкен ыкчам топтун «Табигый чечкиндүүлүк» операциясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Коалиция күчтөрү 16 –  июнда Сириядагы бир операцияда ДЕАШтын жогорку мартабалуу  лидерин камакка алды. Камакка алынган кишинин уюмдун тажрыйбалуу бомба жасоочусу, топтун Сириядагы жогорку мартабалуу  башкаруучуларынын бири»,- деп билдирилди. Операциянын…

Прочитайте больше

Ооруларды айыктыруу үчүн оригами роботу иштелип чыкты

Ооруларды айыктыруу үчүн оригами роботу иштелип чыкты

Адамдын денесинин ичинде кыймылдап иштеген робот каалаган убакта формасын өзгөртүп, бурулуп, тар мейкиндикте кыймылдап, багытын өзгөртө алат. Япониялык илимпоздор, кагазды бүктөө өнөрү “оригамиден” шыктанышып, адамдын денесиндеги ооруларды айыктыра турган роботту ойлоп табышты. Адамдын денесинин ичинде кыймылдап иштеген робот каалаган убакта формасын өзгөртүп, бурулуп, тар мейкиндикте кыймылдап, багытын өзгөртө алат. «Миллибот» деп аталган жана дене суюктуктарынан күч алуу менен иштеген аппарат, дарылоону камсыздай турган дары-дармекти алып жүрүүгө жана көйгөйлүү жердеги процесс боюнча маалыматтарды чогултууга жөндөмдүү. Окумуштуулар…

Прочитайте больше

АКШ Украинага 1 миллиард долларлык курал-жарак берилерин жарыялады

АКШ Украинага 1 миллиард долларлык курал-жарак берилерин жарыялады

15-июнда Кошмо Штаттар Украинага 1 миллиард долларга жакын суммага кошумча курал-жарак берилерин жарыялады. Украин президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө АКШ президенти Жо Байден Штаттар жардамын уланта берерин билдирди. Анын билдирүүсүндө “Жашоосун бул согуш үзгүлтүккө учураткан украин элине колдоо көрсөтүү уланары” айтылды. Кезектеги жардамдын курамына реактивдүү системалар үчүн ракеталар, гаубицалар жана кошумча тетиктер кирет. 15-июнда АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Брюсселде союздаш өлкөлөрдүн коргоо министрлери менен жыйын куруп, Украинага жардам маселесин талкуулады. Ал Украина…

Прочитайте больше

Италия, Франция жана Германиянын лидерлери Украинага барышты

Италия, Франция жана Германиянын лидерлери Украинага барышты

Италиянын премьер-министри Марио Драги, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольц Украинага барышты. Бул тууралуу маалыматты италиялык телеканал RaiNews24 кабарлаганын РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, аталган каналдын таңкы жаңылыктарында Драги, Макрон жана Шольцтун поездде столдо баарлашып жаткан учурундагы сүрөтүн көрсөткөн. Буга чейин чет элдик басылмалар украин жана француз өкмөттөрүндөгү булактар Драги, Макрон жана Шольц Киевге барууну пландап жатышканын маалымдаган. Кийинчерээк алар Украинанын борборуна бейшемби күнү эртең менен поезд менен келээри белгилүү болгон. Евробиримдиктин лидерлери Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен…

Прочитайте больше

Алибаев: Чекара боюнча документтердин баарында чечүүчү жол көрүнүп турса да, Тажикстан аларга моюн сунбай келет

Алибаев: Чекара боюнча документтердин баарында чечүүчү жол көрүнүп турса да, Тажикстан аларга моюн сунбай келет

Эки өлкөнүн чек арасын аныктаган алгачкы документ катары 1925-1927-жылдардагы келишим айтылат. Тажикстан ушул документти бетке кармайт. Эгер муну менен сүйлөшүү жүрсө, анда Тажикстан өзүнүн 45 пайыз аймагын жоготот. Ошого карабай, ушул документти көтөрө берет. Экинчиси, Кыргызстан карманган, 1955-1958-жылдары Өкмөттөрдүн деңгээлинде такталган документ. Муну Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын Өкмөттөрү даярдап, иштеп чыгып, макулдашуу болгон менен парламенттердин ратификациясынан өтпөй калгандыктан, көйгөй ушул жерде калып кеткен. Ошентип кошуналар буга ынанбайт. Ал эми үчүнчүсү 1991-жылы кабыл алынган “Беловежа макулдашуусу”…

Прочитайте больше

Быйыл Россиядан 15миңден ашуун миллионер чыгып кетиши мүмкүн

Быйыл Россиядан 15миңден ашуун миллионер чыгып кетиши мүмкүн

Мындай божомол Henley&Partners аналитикалык агенттигинин глобалдык миграция боюнча иликтөөсүндө айтылды. Иликтөө үчүн маалымат чогулткан аналитик Эндрю Амойлс: “Россия миллионерлерин жоготууда. Акыркы он жылдан бери бай кишилер Россиядан жыл сайын эмиграцияланууда. Бул өлкө туш болгон кыйынчылыктар жөнүндө алдын ала эскертүү. Ири өлкөлөрдүн кыйрашы дайыма бай кишилердин эмиграциясынын тездеши менен коштолгон. Алардын каражаты бар болгондуктан, биринчилерден болуп чыгып кетишет”, – деген. Талдоочулар АКШ менен Улуу Британия россиялыктардын эмиграциясы үчүн анчалык ыңгайлуу эмес экенин айтышат. Себеби алардын байлыгына байланыштуу…

Прочитайте больше

Кубада нааразылык акциясына чыккандар 25 жылга чейин камалды

Кубада нааразылык акциясына чыккандар 25 жылга чейин камалды

Кубада былтыр июлда нааразылык акцияларына чыккан 381 адамга сот өкүмү чыкты. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлагандай, алардын баары эркинен ажыратылды. Башаламандык чыгарууга тиешеси бар 36 адам беш жылдан 25 жылга чейин соттолду. “Хосе Марти” радиосу Cuban Prisoners Defenders уюмуна таянып кабарлагандай, кеминде 37 жашы жете элек бала жоопкерчиликке тартылган, алардын кеминде 23ү соттолду. 2021-жылдын 11-июлунда Кубада жашоо деңгээлинин начарлап кетишине, азык-түлүктөрдүн жана биринчи муктаждыктагы товарлардын тартыштыгына, кымбатчылыкка жана коронавирус пандемиясы учурунда саламаттык сактоо системасынын жакшы иштебегенине…

Прочитайте больше
1 90 91 92 93 94 204