Бишкек шаары дүйнө жүзүндөгү абасы кир шаарлардын рейтингинде алтынчы сапка чыкты. бул туурасында дүйнөдөгү ири шаарлардагы абанын сапатын көзөмөлдөгөн World Air Quality мекемесинин рейтингинде айтылат. Аталган сайттагы маалыматка ылайык, саат 12:15те абанын сапатынын индекси 154тү (AQI) түзгөн. Рейтингде абасы эң кир шаардын сап башына Пакистандын Лахор шаары жайгашса, экинчиге Бангладештин борбору Дакка, үчүнчүгө Индиянын Дели шаары жайгашкан. Акыркы убакта Бишкекте абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Жыл сайын айрыкча кыш мезгилинде абанын булганышы күчөп, баш…
Прочитайте большеКыргызстан
Эми контрабанда менен алектенгендерге каршы ок атылат
Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдыкерим Алимбаев мындан ары контрабанда менен алектенгендерге каршы ок атыларын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты. Ал аткезчилер күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн качып, көбүнчө барчу жерине жетүү үчүн айланма жол менен кетип жатышканын айтып, мыйзам жол берсе аларга каршы ок чыгарууга тапшырма берди. “Бул жерде бийликтин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү турушат. Аткезчилердин токтоосун талап кылышканда, алар баш ийбей качышат. Эгерде мыйзам уруксат берсе, мындай учурларда курал колдонуңуз. Болбосо эл түшүнбөй, аткезчилик менен алектенип…
Прочитайте больше“Кумтөрдүн” алтынын өзүбүз иштетсек, 30 миң жумуш орду түзүлмөк
Депутат Чыңгыз Макешов: “Бай Кыргызстанды негиздөө өз колубузда!”. “Кумтөрдөн” алынган алтынды зергерлер иштете турган болсо бери жагы 30 миңдей жумуш орду түзүлмөк. Бирок, ошол алтындарга кол жеткис абалдын жаралганы, чындап эле жарыбастыктын көрүнүшү болуп жатпайбы?” , – деп айтты “Парламент” радиосуна интервью берген Жогорку Кеңеш депутаты Чыңгыз Макешов. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанда жылына 20 тоннадай алтын алынат. Аны чийки зат түрүндө сатканда арзан баа болсо, ал эми аны…
Прочитайте большеОш шаарынын аймагын 10 миң гектарга чейин кеңейтүү аракети жүрүүдө
Ош шаарынын аймагын кеңейтүү иши чектеш турган райондордун жерлерин алуу менен ишке ашат. Бул боюнча жергиликтүү бийлик Президент менен Министрлер кабинетине атайын документтерди даярдап жөнөткөн. Анда шаардын аймагына кошсо болот деген 10 миң гектарга жакын жер көрсөтүлгөн. Учурда бул маселени мекемелер аралык комиссиясы реалдуу изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Ош регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчысы Алтынбек Токошев билдирди. «Ош шаарына киргизсе болот деген жерлер калаанын батыш тарабынан Араван районунан каралган. Түндүк-батыш тарабы Өзбекстандын чек…
Прочитайте большеБишкекте коронавирус жуктургандардын саны кайрадан өсүүдө
Кыргызстанда акыркы бир сутканын ичинде коронавирус 104 кишиден табылып, эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады. Жаңы катталгандардын эң көбү Бишкек шаарына тиешелүү. Борбор калаада 69 учур, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 18, Ысык-Көл облусунда 10, Жалал-Абад облусунда 5 жана Баткен облусунда 1 учур катталды. Кыргызстанда COVID-19 менен ооругандардын жалпы саны 179 036га жетти. Анын ичинен 173 796 бейтап айыгышты. Бир сутка ичинде илдеттен эки адам каза болду. Муну менен дарттан көз жумгандардын…
Прочитайте большеЭми министр болгусу келгендер 10 жыл мамлекеттик кызматта иштеш керек
“Министрлер кабинети жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору талкууланды. Бүгүн, 6-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Жыйында баяндама жасаган депутат Аалы Карашев жаңы мыйзам долбооруна ылайык Министрлер кабинетинин мүчөсү болууну каалаган талапкердик 10 жылдык мамлекеттик жана мунициалдык кызматтагы эмгек стажы болушу керектигин белгилеп: “Анын ичинен 5 жыл жетекчилик кызматтарда иштеши зарыл. Ошондой эле мамлекеттик кызматкердин ишкерчилик менен алектенүүсү толук…
Прочитайте большеКыргыз көмүр: “Кара-Кече көмүрүнүн баасы дагы түшөт
М. Жакыповдун айтымында, күнүгө бир отун базасына 200 тоннадан көмүр түшүрүлүп жатат. Бирок ал келери менен сатылып кетүүдө. Учурда Бишкектеги отун базаларында Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы болжол менен 4 500 сомдон сатылууда. Бирок бул баа төмөндөй турганын “Кыргыз көмүр” ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыпов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Жакыпов аба ырайынан улам көмүр кеч казылганын айтып, бирок ага карабай жетиштүү көлөмдө алына баштаганын белгилеген. “Үч күндөн бери Бишкектеги көмүр базаларына Кара-Кеченин көмүрү келе…
Прочитайте большеБейшеналиев: Ноябрдын аягында коронавирустун 4-толкуну болот
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радиого” берген маегинде Кыргызстанда ноябрдын аягында коронавирустун 4-толкуну болорун билдирди. Анын айтымына караганда, Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бейтаптардын 70 пайызында индиялык дельта штаммы аныкталууда. Министр учурда коронавирустун эң эле коркунучтуусу нигериялык мутация болуп жатканын, бул делта штаммдарына салыштырмалуу абдан агрессивдүү болорун айтты. Ошондой эле, Кыргызстанда коронавирус илдетинен дарылануу үчүн бардык стационарларда дары-дармектер, ИВЛ аппараттары даяр экендигин баса белгилеп, “Биз буга даярбыз. Учурда калктын 38 пайызы биринчи доза менен,…
Прочитайте большеКыргызстан Тажикстандан электрэнергия сатып ала баштады
Кыргызстан 1-октябрдан баштап Тажикстандан электр энергия сатып ала баштады. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Тажикстанда электр энергиясы ашыкча болгондуктан, аны Кыргызстанга импорттоого даяр экенин билдирген.Бекмурзаев Кыргызстан 1-октябрдан баштап Тажикстандан күнүнө 1 миллион киловатт саат электр энергиясын ала баштаганын билдирди. “Тажикстандагы кесиптештерибиз электр энергиясы өздөрүндө ашыкча болуп жатканын айтып, “электр энергия керек болсо ала бергиле” дегенинен макулдугубузду бердик. Тажик тарап кечээ өздөрү бизге телефон чалып кайрылды. Бүгүн эки саат…
Прочитайте больше«Ош» базарында өрт чыгып, 17 контейнер күйүп кетти
Бишкек шаарынын “Ош” базарынын аймагында жайгашкан “Кыял” соода борборунда өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, базардын ичиндеги бут кийим оңдоочу жай, 17 даана кийим тигүүчү машина, идиш-аяктар, суусундук сатуучу 17 даана темир контейнер (павильон) жана темир устундуу желим менен жабылган өтмөктөрдүн чатырлары күйгөн.Ошондой эле эки чач тарачтын желим терезеси жана аба муздаткычы ээриген. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 100 чарчы метрди түздү.Өрттү өчүрүүгө эки бригада тартылып, саат 05:27де толугу менен өчүрүлдү.Учурда…
Прочитайте большеОрусиянын Канттагы авибазасы абадан коргонуу системалары менен бекемделет
Орусиянын Борбордук аскердик округунун командиринин орун басары, генерал-майор Рустам Миннекаев Кыргызстандын аймагындагы “Кант” авиабазасын бекемдөө кандай жүрүп жатканын айтып берди. Генерал-майор авиабаза абадан коргонуу системалары менен бекемделерин “Интерфакс” агенттигине берген маегинде билдирди. “Пландар азырынча аткарыла элек, бирок процессте”, – деген Миннекаев. Эске салсак, биринчи жолу Орусиянын Кыргызстандагы авиабазасы чыңдалганы жөнүндө Орусиянын коргоо министринин орун басары Николай Панков 2020-жылдын 11-февралында билдирген. Февраль айында “Кант” авиабазасына чалгындоочу-дрондор жеткирилген. Учурда авиабазада чабуулчу Су-25 учактар жана Ми-8 тик учактары…
Прочитайте большеТашиев «Кумтөр» иши боюнча Швейцарияга учуп кетти
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Женевага учуп кетти. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, Камчыбек Ташиев Швейцарияга «Кумтөр» иши боюнча барат. «УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди 53 жаш курагы менен куттуктайм. Бүгүн 27-сентябрь туулган күнү. Бирок Камчыбек Кыдыршаевич мамлекетибиздеги эң маанилүү болуп турган “Кумтөр” маселеси боюнча Женевага 27-сентябрь эртең менен учуп кетет. Кумтөр боюнча тагдыр чечээр күн келиптир. Сапары байсалдуу болуп, Кыргыз элибиздин ырыскысын кайтарса экен!», – деп жазды Рахманов. Белгилей кетсек, бүгүн,…
Прочитайте больше«Шамбала» тасмасы Оскарга көрсөтүлдү
Кыргызстандын Оскар комитети 2021-жылы 18-сентябрдагы жыйынында режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасын Американын кинематография искусствосу жана илимдер академиясынын “Оскар” сыйлыгына көрсөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Оскар комитетинин басма сөз кызматы билдирди.Тасма “Эң мыкты эл аралык көркөм тасма” наамына көрсөтүлөт.Белгилей кетсек, аталган тасма Чыңгыз Айтматовдун “Ак-кеме” повестинин негизинде тартылган. Тасманын дүйнөлүк бет ачары 2020-жылы Шанхайдагы эл аралык фестивалда өткөн. Ушул жылдын 25-апрелинде тасма Балтика, Грузия жана КМШ өлкөлөрүндөгү эң мыкты тасма үчүн “Ника – 2020” сыйлыгын жеңип алган.Учурда чет…
Прочитайте большеКытай Кыргызстанга 1,5 миң тонна буудайды, беткаптарды бекер берди
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде Кытайдан келген гуманитардык жүктөрдү расмий тапшыруу аземи өттү. Ушул жумада Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кытай Эл Республикасынан 13-сентябрда Кыргызстанга келген жеке коргонуу каражаттарынан жана буудайдан турган гуманитардык жүктөр расмий түрдө тапшырылды. Гуманитардык жүктү кабыл алуу жана берүү актысына расмий кол коюуга Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дэвэнь айым жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс -катчысы Азамат Мамбетов катышты. Эске салсак, жүк Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур…
Прочитайте большеКабулдагы элчиликтин жаш кызматкери кыргыз жарандарын жалгыз эвакуациялаган
Кыргызстандын Ооганстандагы мурдагы элчиси Мирослав Ниязов “Талибан” жоочулары шаарга киргенде Кабулдагы кыргыз жарандары кантип эвакуацияланганын Kaktus.media сайтына айтып берди. Анын айтымында, талиптер Кабулга киргенде жарандарды тез арада эвакуациялоо маселеси пайда болгон. Ал ошол учурда ооруп, Бишкектеги ооруканада болгон, ал эми кеңешчиси эс алууда болчу. Эвакуациялоо операциясын толугу менен элчиликтин бир кызматкери – Нурлан Орузбаев аткарган. “Ал бардык жарандарды чогултуп, аларды Кыргызстан менен Казакстандын элчиликтерине жайгаштырган. Тогуз киши талиптер курчап алган аэропортко жакын базада болгон. Нурлан ошого карабай брондолгон унаа…
Прочитайте больше