Орусиянын Канттагы авибазасы абадан коргонуу системалары менен бекемделет

Орусиянын Борбордук аскердик округунун командиринин орун басары, генерал-майор Рустам Миннекаев Кыргызстандын аймагындагы “Кант” авиабазасын бекемдөө кандай жүрүп жатканын айтып берди.

Генерал-майор авиабаза абадан коргонуу системалары менен бекемделерин “Интерфакс” агенттигине берген маегинде билдирди.

“Пландар азырынча аткарыла элек, бирок процессте”, – деген Миннекаев.

Эске салсак, биринчи жолу Орусиянын Кыргызстандагы авиабазасы чыңдалганы жөнүндө Орусиянын коргоо министринин орун басары Николай Панков 2020-жылдын 11-февралында билдирген. Февраль айында “Кант” авиабазасына чалгындоочу-дрондор жеткирилген.

Учурда авиабазада чабуулчу Су-25 учактар жана Ми-8  тик учактары бар.

Белгилей кетсек, Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Орусиянын Тажикстандагы 201 – аскердик базасы дагы бекемделүүдө.

Комментарий жиберүү