Кыргызстан Тажикстандан электрэнергия сатып ала баштады

Кыргызстан 1-октябрдан баштап Тажикстандан электр энергия сатып ала баштады.

Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Тажикстанда электр энергиясы ашыкча болгондуктан, аны Кыргызстанга импорттоого даяр экенин билдирген.
Бекмурзаев Кыргызстан 1-октябрдан баштап Тажикстандан күнүнө 1 миллион киловатт саат электр энергиясын ала баштаганын билдирди.

“Тажикстандагы кесиптештерибиз электр энергиясы өздөрүндө ашыкча болуп жатканын айтып, “электр энергия керек болсо ала бергиле” дегенинен макулдугубузду бердик. Тажик тарап кечээ өздөрү бизге телефон чалып кайрылды. Бүгүн эки саат болду, түштүк регионуна тажик электр энергиясын берип жатабыз. Суткасына миллион киловатт сааттан алып жатабыз. Бир айдын ичинде 30-50 миллион киловатт электр энергиясын алганга мүмкүнчүлүктөр бар”, – деди Бекмурзаев.

Ошондой эле ал Орусиядан дагы Казакстан аркылуу электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Комментарий жиберүү