Ташиев «Кумтөр» иши боюнча Швейцарияга учуп кетти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Женевага учуп кетти. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасынан билдирди.

Анын айтымында, Камчыбек Ташиев Швейцарияга «Кумтөр» иши боюнча барат.

«УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди 53 жаш курагы менен куттуктайм. Бүгүн 27-сентябрь туулган күнү. Бирок Камчыбек Кыдыршаевич мамлекетибиздеги эң маанилүү болуп турган “Кумтөр” маселеси боюнча Женевага 27-сентябрь эртең менен учуп кетет. Кумтөр боюнча тагдыр чечээр күн келиптир. Сапары байсалдуу болуп, Кыргыз элибиздин ырыскысын кайтарса экен!», – деп жазды Рахманов.

Белгилей кетсек, бүгүн, 27-сентябрь Камчыбек Ташиевдин туулган күнү. Ал 53 жашка чыкты.

Комментарий жиберүү