Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны кайрадан өсүүдө

Кыргызстанда акыркы бир сутканын ичинде коронавирус 104 кишиден табылып, эки бейтап көз жумду.

Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Жаңы катталгандардын эң көбү Бишкек шаарына тиешелүү. Борбор калаада 69 учур, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 18, Ысык-Көл облусунда 10, Жалал-Абад облусунда 5 жана Баткен облусунда 1 учур катталды.

Кыргызстанда COVID-19 менен ооругандардын жалпы саны 179 036га жетти. Анын ичинен 173 796 бейтап айыгышты.

Бир сутка ичинде илдеттен эки адам каза болду. Муну менен дарттан көз жумгандардын жалпы саны 2 614кө жетти.

Учурда стационарда 451 бейтап, ал эми амбулатордук түрдө 690 адам дарыланып жатат.

Комментарий жиберүү