Кытай Кыргызстанга 1,5 миң тонна буудайды, беткаптарды бекер берди

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде Кытайдан келген гуманитардык жүктөрдү расмий тапшыруу аземи өттү.

Ушул жумада Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кытай Эл Республикасынан 13-сентябрда Кыргызстанга келген жеке коргонуу каражаттарынан жана буудайдан турган гуманитардык жүктөр расмий түрдө тапшырылды.

Гуманитардык жүктү кабыл алуу жана берүү актысына расмий кол коюуга Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дэвэнь айым жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс -катчысы Азамат Мамбетов катышты.

Эске салсак, жүк Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу району тарабынан кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин алкагында достук кыргыз элине COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө жардам берүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого карата жиберилген.

Гуманитардык жардам 3 миллион медициналык беткап, 100 миң даана N95 медициналык беткап, 20 миң коргоочу костюмдар жана 1,5 миң тонна буудайдан турат.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев  Өкмөттүн жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атынан достук кытай элине өлкө аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышы жана кесепеттери менен күрөшүүдө көрсөткөн олуттуу колдоосу,  ошондой эле азык -түлүк коопсуздугун камсыздоодогу көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. “Берилген жеке коргонуу каражаттары медициналык кызматкерлер арасында да, калк арасында да COVID-19дун жайылышын азайтууга жардам берет деп ишенем жана берилген 1,5 миң тонна буудай азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого чоң салым болот”,- деди министр.

Комментарий жиберүү