Эми контрабанда менен алектенгендерге каршы ок атылат

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдыкерим Алимбаев мындан ары контрабанда менен алектенгендерге каршы ок атыларын билдирди.

Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Ал аткезчилер күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн качып, көбүнчө барчу жерине жетүү үчүн айланма жол менен кетип жатышканын айтып, мыйзам жол берсе аларга каршы ок чыгарууга тапшырма берди.

“Бул жерде бийликтин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү турушат. Аткезчилердин токтоосун талап кылышканда, алар баш ийбей качышат. Эгерде мыйзам уруксат берсе, мындай учурларда курал колдонуңуз. Болбосо эл түшүнбөй, аткезчилик менен алектенип жатат”, – деди.

Комментарий жиберүү