Кабулдагы элчиликтин жаш кызматкери кыргыз жарандарын жалгыз эвакуациялаган

Кыргызстандын Ооганстандагы мурдагы элчиси Мирослав Ниязов “Талибан” жоочулары шаарга киргенде Кабулдагы кыргыз жарандары кантип эвакуацияланганын Kaktus.media сайтына айтып берди.

Анын айтымында, талиптер Кабулга киргенде жарандарды тез арада эвакуациялоо маселеси пайда болгон. Ал ошол учурда ооруп, Бишкектеги ооруканада болгон, ал эми кеңешчиси эс алууда болчу. Эвакуациялоо операциясын толугу менен элчиликтин бир кызматкери – Нурлан Орузбаев аткарган.

“Ал бардык жарандарды чогултуп, аларды Кыргызстан менен Казакстандын элчиликтерине жайгаштырган. Тогуз киши талиптер курчап алган аэропортко жакын базада болгон. Нурлан ошого карабай брондолгон унаа менен базага кирүүнү чечкен. Оогандар капотко чыгып, унаага таш ыргытышкан. Бирок ал өтүп кете алган. Ал жерде да талиптер болгон. Сегиз адам бир базада, тогузунчусу башка базада болгон. Ал баарын унаага  отургузуп, биринчи жолку артка кайтуу аракети ишке ашпай калып, экинчи аракети да ийгиликсиз болуп, үчүнчүсүндө гана талиптер коридор түзгөндө кете алган. Талиптер автоматты көкүрөгүнө такап, түшүндүрмө талап кылышкан. Ал өз өмүрүн тобокелге салган, бирок ошого карабастан кыргызстандыктарды талиптердин коргоосунда турган “Серена” мейманканасына жеткире алган. Элчиликке кайтып келе жатканда дагы кооптуулук бар болчу. Бирок Нурлан эч нерсеге карабай бардык жарандарды алып чыгып, эвакуациялай алды. Ал баатыр “, – деди Ниязов.

Экс-элчи Нурлан Орузбаевди “Эрдик” медалына көрсөттү. Сыйлоо жөнүндө чечимди министрлер кабинети кабыл алат.

Ал жалгыз биздин жарандардын коопсуздугун камсыздап гана тим болбостон, баарын коопсуз эвакуациялады. Бул оңой болгон жок. Ал тапшырманы ийгиликтүү аткарды. Ал баатыр.

Ниязовдун айтымында, Орузбаев учурда элчиликте, Кыргызстанга 15 күнгө келип, кайра кетет.

Комментарий жиберүү