“Кумтөрдүн” алтынын өзүбүз иштетсек, 30 миң жумуш орду түзүлмөк

Депутат Чыңгыз Макешов: “Бай Кыргызстанды негиздөө өз колубузда!”.

“Кумтөрдөн” алынган алтынды зергерлер иштете  турган болсо бери жагы 30 миңдей жумуш орду түзүлмөк. Бирок, ошол алтындарга кол жеткис абалдын жаралганы, чындап эле жарыбастыктын көрүнүшү болуп жатпайбы?” , – деп айтты “Парламент” радиосуна интервью берген Жогорку Кеңеш депутаты Чыңгыз Макешов. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанда жылына 20 тоннадай алтын алынат. Аны чийки зат түрүндө сатканда арзан баа болсо, ал эми аны иштетип, зер буюмдары түрүндө сатыкка койгондо баасы өсөт. Жалпы жергиликтүү шартта керектелүүчү баалуу металл болгону 500 килограммды эле түзөт.

Экспортко басым жасап, бул жактан салык кодексинин нормаларын карап чыгуу зарыл. Алтындан эч качан алданбашыбыз керек. Кыргызстандын тоолору алтынга бай. Андай кендердин эсеби 2900. Кудай берген ошол кутту туура колдонуп, бай Кыргызстанды негиздөө өз колубузда. Буга мыйзамдык талаада бардык шарт бар. Анткени, алтын бул өндүрүш, кубаттуу экономика, – дейт Ч.Макешов.

Комментарий жиберүү