Бишкек кайрадан абасы кир шаарлардын катарында

Бишкек шаары дүйнө жүзүндөгү абасы кир шаарлардын рейтингинде алтынчы сапка чыкты.

бул туурасында дүйнөдөгү ири шаарлардагы абанын сапатын көзөмөлдөгөн World Air Quality мекемесинин рейтингинде айтылат.

Аталган сайттагы маалыматка ылайык, саат 12:15те абанын сапатынын индекси 154тү (AQI) түзгөн.

Рейтингде абасы эң кир шаардын сап башына Пакистандын Лахор шаары жайгашса, экинчиге Бангладештин борбору Дакка, үчүнчүгө Индиянын Дели шаары жайгашкан.

Акыркы убакта Бишкекте абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Жыл сайын айрыкча кыш мезгилинде абанын булганышы күчөп, баш калааны ыш каптайт.

Комментарий жиберүү