Бейшеналиев: Ноябрдын аягында коронавирустун 4-толкуну болот

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радиого” берген маегинде Кыргызстанда ноябрдын аягында коронавирустун 4-толкуну болорун билдирди.

Анын айтымына караганда, Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бейтаптардын 70 пайызында индиялык дельта штаммы аныкталууда.  Министр учурда коронавирустун эң эле коркунучтуусу нигериялык мутация болуп жатканын, бул делта штаммдарына салыштырмалуу абдан агрессивдүү болорун айтты.

Ошондой эле, Кыргызстанда коронавирус илдетинен дарылануу үчүн бардык стационарларда дары-дармектер, ИВЛ аппараттары даяр экендигин баса белгилеп, “Биз буга даярбыз. Учурда калктын 38 пайызы биринчи доза менен, 28 пайызы экинчи доза менен эмделди”, – деди.

Бейшеналиевдин айтымында, эгер адам эмделсе, вирусту оңой эле жеңип чыгат.

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус боюнча жаңы 43 учур катталып, 1 адам каза болду. Учурда стационарда 440 жана амбулатордук түрдө 712 адам дарыланып жатат.

Комментарий жиберүү