Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгуусуна катышуу үчүн 5-сентябрда Казакстандын аскердик контингенти Кыргызстандагы 20636 аскер бөлүгүнө келди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.Кыргызстандагы “Эдельвейс” полигонунда “Рубеж-2021” деп аталган аскердик машыгуу 7-9-сентябрда өтөт. Ага Орусия баш болгон ЖККУга мүчө мамлекеттердин армиясы катышат. Иш-чара Ооганстанда курчуган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда өткөрүлүп жатат. Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалга тынчсызданып, качкындардын агымынан чочулап…
Прочитайте большеКыргызстан
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд. куб метрден ашты
“Электр станциялар” ААКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 3-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12, 042 млрд. метр кубга жетти. Суу сактагычка суткасына орто эсеп менен 380 метр куб суу агып келип, 172 метр куб суу чыгып жатат. Токтогул суу сактагычындагы суунун максималдуу көлөмү – 19,5 млрд. метр куб. 17 млрд. деңгээл “нормалдуу” деп саналат. Мындан ылдыйлаганда электр кубатынын подстанцияларына ашыкча күч келип, жарык өчүп калышы мүмкүндүгү айтылып келет.Белгилей кетсек, Токтогул ГЭСи – Кыргызстандагы эң ири гидроэлектр…
Прочитайте больше«Танк биатлону – 2021»: Кыргызстандын командасы Тажикстанды артка калтырып биринчи орунду ээледи
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн танк экипаждарынын курамасы Россиянын Алабино аскер машыгуу полигонунда өткөн “Танк биатлону – 2021” таймашынын жеңүүчүсү болгонун “Кабар” агенттиги жазды. Кыргызстандын командасы биатлондун экинчи дивизионунда күчүн сынады. Таймаштын финалында кыргыз аскерлери Тажикстан, Мьянма жана Түштүк Осетиянын командалары менен жарышып, биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду Тажикстан, үчүнчү орунду Мьянма алды. Эстафета түрү боюнча жарышта кыргыз танкисттери 24 бутанын ичинен 11ине тийип, башка атаандаштарына караганда алдыга чыкты. Ал эми маарага 2 саат 16 мүнөтт 51…
Прочитайте большеРекорд: Шулико Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өттү (видео)
Кыргызстандык суучул Владислав Шулико 180 чакырымга созулган Ысык-Көлдү узунунан сүзүп, марага жетип жаңы рекорд койду. Спортчу 22-августта Ысык-Көлдүн Каракол шаарынан баштап сүзүп, бүгүн 27-августта Балыкчы шаарындагы “Алия” эс алуу жайына келди. Көл жээгинен аны Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү эл жана жакындары тосуп алышты.
Прочитайте большеКыргызстанга үч айдын ичинде 7 миңден ашуун пакистандыктар келишкен
Быйыл, 1-июндан баштап 18-августка чейин Кыргызстанга Пакистандын 7447 жараны келип, 4000 миңдейи кайра учуп кетишкен. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирген.Учурда Пакистан, Индиянын миңдеген студенттери өлкөдө билим алышат.Белгилей кетсек, акыркы мезгилдерде Бишкекте “сүннөт кийим” кийген Түштүк Азия чөлкөмүнүн жарандары көбөйгөндүгү боюнча коомдук тармактарда талкуу болууда. Бул көрүнүш талибдердин Ооганстанды колго алуу жараянынан кийин көпчүлүктү чоочутту. Буга байланыштуу Кыргызстандагы Пакистан студенттеринин федерациясы атайын кайрылуу жасап, элди туура кабыл алууга чакырган.“Талибдердин” Кабул бийлигин ээлөөсүнөн улам, коомубузда…
Прочитайте большеМехди Кухестани: Кыргызстандын тоолору өтө бийик жана теңдеши жок татаал
Жакында Иран Ислам Республикасынан Кыргызстанга келишкен альпинисттер өз өлкөсүнүн элчилигинде болушуп, “Eurasia Today” агенттигинин журналисттерине өздөрүнүн көргөн таасирлери “Жеңиш” чокусунда болгон кырсык тууралуу маек беришти. Иран Ислам Республикасынын Бишкектеги Элчилиги “Жеңиш” чокусуна чыгууга аракет кылган Мехри Жафари айым жана Реза Адине аттуу эки ирандык альпинисттин кырсыкка учураган окуясынан тартып, жабыркаган альпинисттерге жардам берүү маселесин караган. Бул жаатта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Альпинизм Федерациясы, “Аксай Трэвел” туристтик фирмасы менен бир нече жолу байланышта болгон.Ошондой…
Прочитайте большеОлимпиадага барган спортчулар 23-августта сыйланат
Президент Токиодо өткөн Олимпиадага катышкан спортчуларды качан сыйлай тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдиргенин жергиликтүү басылмалар маалымдашты. Маалыматка ылайык, спортчуларды сыйлоо аземи 23-августта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт. Буга чейин, президент Садыр Жапаров Олимпиададан байгелүү кайткан спортчуларга өзүнүн атынан белек убадалаган. Белгилей кетсек, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов күмүш, Айсулуу Тыныбекова күмүш жана Мээрим Жуманазарова коло медал алышкан.
Прочитайте большеКыргызстанга БАЭден ишкерлик боюнча делегация келет
Президент Садыр Жапаров Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахаян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 16-августта, Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысынын орун басары, шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахаян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Өлкөлөр ортосундагы соода-экономика жана инвестиция чөйрөлөрүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышы жана илдетке каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чаралар талкууланды. Мамлекет башчысы эки…
Прочитайте большеБишкекте 30 жылдын ичинде канча мэр алмашты?
Быйыл Кыргызстан өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилейт. 30 жылдын ичинде Кыргызстандын борборунда – Бишкек шаарында 21 мэр алмашты. Орточо эсеп менен бир мэр бир жарым жыл иштеди.1. Акматбек Нанаев эгемендүү Кыргызстандын Бишкек шаарынын биринчи мэри. Анын башкаруусунда 1991 -жылдын 5 -февралында Фрунзе Бишкек болуп өзгөртүлгөн. Ал шаарды 1990 -жылдан 1991 -жылга чейин башкарган.2. Абдыбек Суталинов 1991-1992 -жылдары Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болгон.3. Өмүрбек Абакиров 1992-1993 -жылдары Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысы болгон.4. Жумабек Ибраимов 1993…
Прочитайте большеCOVID-19: Жаңы 520 учур катталып, 6 адам каза тапты
Акыркы суткада коронавирус 520 кишиден табылып, 6 адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады. Жаңы катталган учурлардын 299у Бишкек шаарынан чыккан. Чүй облусунда – 88 учур, Ош облусунда – 14, Ош шаарында – 5, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 39, Жалал-Абад облусунда – 37 жана Баткен облсунда – 19 адам катталган. Илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 171 758 ге жетти. Оорудан 162 104 адам сакайды. Акыркы 24 сааттын ичинде вирустан…
Прочитайте большеПрезидент Садыр Жапаров мектептерде акча чогултуу демилгесине каршы чыкты
Билим берүү министрлиги аркылуу алдыраак мектептерде кошумча акча чогултуу боюнча берилген сунушу, өлкөнүн президенти Садыр Жапаров аркылуу четке кагылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин министр Болотбек Купешев, окуучулардын ата-энелерине шаардык мектептерде 1000 сом, ал эми айылдык мектептерде 800 сомго чейин кошумча төлөө варианттарын сунуштаган. Билим берүү министрлигинин мындай сунуштары коомчулукта, айрыкча көп балалуу ата-энелердин нааразы пикирлерин жараткан. Маселеге байланыштуу, өлкөнүн президенти билдирүү жасап мындай деген: Мектептерде кошумча акча чогултууга…
Прочитайте большеКыргызстанда жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат
Билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Окуу жылынын башталышын 15 күнгө жылдыруу чечими билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алынды. Билим берүү жана илим министрлиги белгилегендей, билим берүү процессин салттуу окутууну кайра баштоодо коомдук саламаттыкты сактоо маселелери, мындай форматтын пайдасы жана тобокелчилиги жана башка факторлору эске алынышы керек. Учурда билим берүүнүн бардык…
Прочитайте большеКыргызстанда коронавирус статистикасы төмөндөдү
Республикалык штаб 11 -августта эртең менен коронавирус жана пневмония боюнча статистиканы жарыялады. Маалыматка ылайык, бүгүн, 11 -августка карата өлкө боюнча коронавирустун 382 учуру катталган.Белгилей кетсек, жаңы жуктуруп алган учурлардын күндөн күнгө азайышы, өлкөдө бул оорунун туу чокусунан өткөнүн айгинелейт.Ошентсе да, COVID-19га байланыштуу өлүмдөрдүн саны азая элек жана айрыкча Бишкекте коронавирстук учурлар дагы эле алдыңкы көрсөткүчтө.Бүгүн эртең мененки көрсөткүч боюнча Бишкек – 218; Ош – 5; Чүй облусу – 52; Ош облусу – 17; Талас району…
Прочитайте большеОлимпиадада байгеге ээ болгон спортсмендердин урматына Ала-Тоо аянтында салтанат уюштурулат
КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги эртең, 7-августта Токио Олимпиадасынан байге алган балбандар Кыргызстанга кайтып келерин билдирди. Маалыматка ылайык, ушул эле күнү саат 13:00дө “Ала-Тоо” аянтында Олимпиадалык курама команданын мүчөлөрүнө арналган салтанаттуу кече уюштурулат.Аталган агенттик спортчуларды тосуп алууну каалаган жарандарга борбордук аянтка келүүнү сунуштап, “Салтанаттуу иш-чарага өлкөбүздүн намысын Токиодогу XXХII жайкы Олимпиадалык оюндарында коргогон спортчуларыбыз, машыктыруучуларыбыз катышып, сиздер менен жүз көрүшөт. Кече кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын коштоосунда өтөт. Ушул жылдын чыныгы каармандарын биргеликте…
Прочитайте большеТокио 2020: Борбор Азия боюнча Кыргызстан экинчи орунда
Токио 2020 Олимпиада оюндарында багындырылган медалдар боюнча Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин арасында экинчи орунда келе жатат. Ал эми дүйнө жүзү боюнча 4-августка карата 200дөн ашык мамлекеттин ичинен 61-орунга көтөрүлдү. Коңшу өлкөлөрдөн Тажикстандын спортчулары Олимпиада оюндарынан байгесиз кайтып келишти. Өзбекстан 2 алтын, 1 коло менен 30-орунда, Түркмөнстан 1 күмүш менен 71-орун жана Казакстан 4 колосу менен 72-орунда турат. Кыргызстандын спортчулары бул Олимпиадада үч медалга ээ болшту. 3-августта Акжол Махмудов күмүш медал жана балбан кыз Мээрим Жуманазарова коло медаль утушкан. Кечээ, 4-августта Айсулуу…
Прочитайте больше