Олимпиадага барган спортчулар 23-августта сыйланат

Президент Токиодо өткөн Олимпиадага катышкан спортчуларды качан сыйлай тургандыгы белгилүү болду.

Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдиргенин жергиликтүү басылмалар маалымдашты.

Маалыматка ылайык, спортчуларды сыйлоо аземи 23-августта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Буга чейин, президент Садыр Жапаров Олимпиададан байгелүү кайткан спортчуларга өзүнүн атынан белек убадалаган.

Белгилей кетсек, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов күмүш, Айсулуу Тыныбекова күмүш жана Мээрим Жуманазарова коло медал алышкан.

Комментарий жиберүү