Мехди Кухестани: Кыргызстандын тоолору өтө бийик жана теңдеши жок татаал

Жакында Иран Ислам Республикасынан Кыргызстанга келишкен альпинисттер өз өлкөсүнүн элчилигинде болушуп, “Eurasia Today” агенттигинин журналисттерине өздөрүнүн көргөн таасирлери “Жеңиш” чокусунда болгон кырсык тууралуу маек беришти.

Иран Ислам Республикасынын Бишкектеги Элчилиги “Жеңиш” чокусуна чыгууга аракет кылган Мехри Жафари айым жана Реза Адине аттуу эки ирандык альпинисттин кырсыкка учураган окуясынан тартып, жабыркаган альпинисттерге жардам берүү маселесин караган. Бул жаатта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Альпинизм Федерациясы, “Аксай Трэвел” туристтик фирмасы менен бир нече жолу байланышта болгон.
Ошондой эле элчилик “Жеңиш” чокусунда жайгашкан координациялык борбордун башчысына эки альпинистке жардам көрсөтүү боюнча кайрылып, тиешелүү органдардан алардын аракеттерин тездетүүнү суранышкан.
Акыркы маалыматка караганда, акыркы бир нече күндүн ичинде Мехри Жафари айымды табуу аракеттери эч кандай жыйынтык берген эмес жана бир топ убакыт өткөндүктөн издөө иштери токтотулган. Реза Адине мырза боюнча, ал ирандык жана чет өлкөлүк альпинисттердин байкоолоруна ылайык, Кытай тарапка кулап түшкөндүктөн, зарыл болгон координация Иран Ислам Республикасынын Пекиндеги элчилиги менен жүргүзүлгөн.
Кытай өкмөтү “Жеңиш” чокусуна (татаалдыгына байланыштуу) 1993-жылдан бери көтөрүлбөгөндүктөн, бул ирет инфракызыл чалгындоочу пилотсуз учак жана  кесипкөй альпинисттер тобу аркылуу издөө жүргүздү. Бирок тилекке каршы андан майнап чыккан эмес. Ошол эле учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине жоголуп кетишкен альпинисттерди табуу максатында Кытай тарап менен кызматташуу жана координациялоо сунушталган. Бул аракеттерден тышкары, элчилик окуя башталгандан бери башкы лагердеги ирандык альпинисттер жана Ирандын Альпинизм федерациясы, ошондой эле Адине мырзанын үй -бүлөсү менен дайыма байланышта болуп турган.
Акыркы аракеттерди эске алганда, 16 -августта жабыркагандардын кесиптештери (10 ирандык альпинист) Иран Ислам Республикасынын Бишкектеги элчилигинин коноктору болуп, кырсыктын ар кандай өлчөмдөрүн карап чыгышкан.
Акырында бул багытта Бишкекте жашаган ирандык Мехди Кухестани мырзанын кызматташуусу бааланат.

Ал эми, окуяга байланыштуу “Eurasia Today” агенттигинин кабарчыларынын ирандык альпинисттер тобунун колдоочусу Мехди Кухестани менен курган маегин назарыңыздарга сунуштайбыз.

–  Мехди мырза, алгач ирандык эки альпинисттин акыркы окуясы тууралуу айтып берсеңиз.

– Биздин альпинисттер тобу 15-июлда Ирандан атайын экспедиция менен Түштүк Эңилчекке келгенбиз. Мехри Жафари менен Реза Адине дагы Жеңиш чокусуна чыгабыз деп ниеттенишкен. Тилекке каршы алар бул окуяга туш болушту. Менин айтаарым, алардын эң чон катасы –  өз алдынча чыгабыз деп ойлошту. Мехри айым биринчи аракетинде эле жаракат алганы менен кайрадан башка бир топко кошулуп алып, жолун уланткан. Ал башка топко кошулаарда тобокелчиликке барып, бардык нерсени өз жоопкерчилигине алуу шарты менен кошулган. Чынын айтсам, Мехри айым “Жениш” чокусуна чыга тургандай мүмкүнчүлүгү жок эле. Анткени Жеңиш чокусу эң бийик жана катаал чокулардын бири. Бийиктиги жети миң метрден ашкан Жеңиш чокусу дүйнөдөгү сегиз миң метрлик чокуларга тете. Анткени ошончолук кыйынчылыктарга, татаалдыктарга ээ. Мехри айым бул чокуга чыгууда 4-лагерде ээрчиген тобунан артта калып, кайра артка кайта баштаган. Венгриялык альпинисттердин айтымында, ал ылдый келе жатканда тайып кетип, төмөнкү өрөөнгө түшүп кеткен.
Ал эми, Реза Адине 7-августта 7200 метр бийиктикке чыккан соң, кокусунан тайып, ылдыйга сүрүлүп түшүп кеткен.
Мен бул окуяларды альпинисттердин өз алдынча чечимдерине байланыштырат элем. Анткени ар бир альпинист мындай катаал чокуларга чыгууну тандаган соң, бардык жактан даяр болушу керек эле. Тагыраак айтканда, физикалык жактан толук даяр жана башка керектүү куралдарга ээ болуусу керек болчу.
Айрыкча Кыргызстандын тоолору, чокулары өтө бийик, чыгуу кыйын жана эбегейсиз татаалдыктарга ээ.

–  Окуя болгон соң, кулап кетишкен альпинисттерди табуу үчүн кандай аракеттер жасалды?

– Ооба, окуядан көп өтпөй, атайын куткаруу тобу тик учактар менен альпинисттер кулаган аймакты эки ирет айланышып, төшөк кап табышты. Эртеси күнү венгриялык эки альпинист менен Мехринин жердеши Али Хажсаид болуп тик учакка түшүп алып дагы издедик. Ал эми Реза Адинени Кыргызстан тараптан эмес, Кытай тараптагылардан издөөлөр болду. Бир канча ирет тик учактар 4 миңдик бийиктикте айланып издешип, атайын топтор жиберилген. Бирок чын чынына келгенде бул тоолордун чокуларында сөөк табуу өтө кыйынга турат. Анын үстүнө өлкөдөгү издөө жүргүзүү шарттары жетиштүү өнүккөн эмес.
Учурда издөө иштери толук токтотулду жана эч кандай тыянак берген жок. Сөөктөрдү табууга да үмүт калбады, анткени мөңгүлөрдөгү тоңгон муздардын арасынан бир нерсе табуу мүмкүн эмес.

–  Сиз көптөгөн  чокуларга чыккансыз. Кыргызстандын тоолорунун айрымачылыктарын баяндай кетсеңиз.

– Албетте, мен айтаар элем, айрыкча “Жеңиш” чокусу 8 миң метрлик тоолордун арасында 8-орунда турат. Бул өзгөчө спорттук чоку болуп саналат жана аны багындыруу ар бир эле альпинисттин колунан келе бербейт. Ал эми Иранда 850 – 1200 метр бийиктикте Аламку жана Бисткух деген жакшы аскалар бар. Бул жактын бийиктиктерине салыштырсак, 7400 метр болгон “Жеңиш” чокусу теңдешсиз. Татаалдыгы жагынан да өзгөчө.

–  Кандайча альпинист болууну чечтиңиз эле?

– Менин өзүмдүн атым Мехди Кухестани (тоолук) деген мааниде. Биз үй-бүлөбүз менен альпинизмге кызыгабыз, бир тууганым да альпинист. Өзүм 13 жашымдан баштап тоого чыгып жүрөм жана Ирандын бардык тоолорун багындыргам. Түркиянын Арарат тоосуна чыккам, бирок алигиче Кыргызстандын эң бийик чокуларын багындыра элекмин. Албетте, уулдуу болгондон бери өз өмүрүмдү тобокелчиликке салып, өтө бийикке чыгууга умтулбай калдым.

– Сизге Кыргызстандын эмнелери жакты?

– Биринчи кезекте жаратылышы, тоолору, суулары жакты. Мен ушул жакта жашаганды чечтим. Аялым кыргыз, мен болсо күйөө баламын. Эки уулум бар. Менин тагдырым ушул жерде чечилет деп ойлойм. Жаратканым ушул жакка келдиң, эми ушул жакта жашап кал дегендей илхам берди.


Маектешкен Каныкей Жаманкулова.

Комментарий жиберүү