«Танк биатлону – 2021»: Кыргызстандын командасы Тажикстанды артка калтырып биринчи орунду ээледи

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн танк экипаждарынын курамасы Россиянын Алабино аскер машыгуу полигонунда өткөн “Танк биатлону – 2021” таймашынын жеңүүчүсү болгонун “Кабар” агенттиги жазды.

Кыргызстандын командасы биатлондун экинчи дивизионунда күчүн сынады.

Таймаштын финалында кыргыз аскерлери Тажикстан, Мьянма жана Түштүк Осетиянын командалары менен жарышып, биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду Тажикстан, үчүнчү орунду Мьянма алды.

Эстафета түрү боюнча жарышта кыргыз танкисттери 24 бутанын ичинен 11ине тийип, башка атаандаштарына караганда алдыга чыкты. Ал эми маарага 2 саат 16 мүнөтт 51 секундда келди.

Комментарий жиберүү