Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд. куб метрден ашты

“Электр станциялар” ААКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 3-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12, 042 млрд. метр кубга жетти.

Суу сактагычка суткасына орто эсеп менен 380 метр куб суу агып келип, 172 метр куб суу чыгып жатат.
 Токтогул суу сактагычындагы суунун максималдуу көлөмү – 19,5 млрд. метр куб. 17 млрд. деңгээл “нормалдуу” деп саналат. Мындан ылдыйлаганда электр кубатынын подстанцияларына ашыкча күч келип, жарык өчүп калышы мүмкүндүгү айтылып келет.
Белгилей кетсек, Токтогул ГЭСи – Кыргызстандагы эң ири гидроэлектр станция жана өлкөдөгү жалпы электр кубатынын 30 пайызын иштеп чыгып, энергетикалык негизги таяныч болуп эсептелет. Жылытуу маалынын көйгөйсүз өтүшү аталган суу сактагычтагы суунун көлөмүнө байланыштуу болот.
 Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кескин азайып кеткен эле.

Комментарий жиберүү