COVID-19: Жаңы 520 учур катталып, 6 адам каза тапты

Акыркы суткада коронавирус 520 кишиден табылып, 6 адам көз жумду.

Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Жаңы катталган учурлардын 299у Бишкек шаарынан чыккан. Чүй облусунда – 88 учур, Ош облусунда – 14, Ош шаарында – 5, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 39, Жалал-Абад облусунда – 37 жана Баткен облсунда – 19 адам катталган.

Илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 171 758 ге жетти. Оорудан 162 104 адам сакайды. Акыркы 24 сааттын ичинде вирустан дагы 6 адам каза таап, курмандыктардын жалпы саны 2439га жетти.

Маалыматка ылайык, учурда ооруканаларда 2 216 бейтап, ал эми амбулатордук шартта 3 591 адам дарыланууда.

Комментарий жиберүү