Кыргызстанда коронавирус статистикасы төмөндөдү

Республикалык штаб 11 -августта эртең менен коронавирус жана пневмония боюнча статистиканы жарыялады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11 -августка карата өлкө боюнча коронавирустун 382 учуру катталган.
Белгилей кетсек, жаңы жуктуруп алган учурлардын күндөн күнгө азайышы, өлкөдө бул оорунун туу чокусунан өткөнүн айгинелейт.
Ошентсе да, COVID-19га байланыштуу өлүмдөрдүн саны азая элек жана айрыкча Бишкекте коронавирстук учурлар дагы эле алдыңкы көрсөткүчтө.
Бүгүн эртең мененки көрсөткүч боюнча Бишкек – 218; Ош – 5; Чүй облусу – 52; Ош облусу – 17; Талас району – 5; Нарын облусу – 10; Ысык – Көл облусу – 39; Жалал -Абад облусу – 11; Баткен облусу – 25 учур катталган.
Пандемия учурунда бардыгы болуп – 170,353 расмий түрдө катталды. Ал эми акыркы суткада 771 адам айыгып, бардыгы болуп 160 051 бейтапты түздү.
Ошондой эле 11-августка карата коронавирустун татаалдашынан 7 киши каза болуп, бардыгы – 2,420га жетти. Учурда ооруканаларда 2,455 жана амбулатордук жайларда 4,031 орун бар.

Комментарий жиберүү