Токио 2020: Борбор Азия боюнча Кыргызстан экинчи орунда

Токио 2020 Олимпиада оюндарында багындырылган медалдар боюнча Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин арасында экинчи орунда келе жатат.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча 4-августка карата 200дөн ашык мамлекеттин ичинен 61-орунга көтөрүлдү.

Коңшу өлкөлөрдөн Тажикстандын спортчулары Олимпиада оюндарынан байгесиз кайтып келишти. Өзбекстан 2 алтын, 1 коло менен 30-орунда, Түркмөнстан 1 күмүш менен 71-орун жана Казакстан 4 колосу менен 72-орунда турат.

Кыргызстандын спортчулары бул Олимпиадада үч медалга ээ болшту. 3-августта Акжол Махмудов күмүш медал жана балбан кыз Мээрим Жуманазарова коло медаль утушкан. Кечээ, 4-августта Айсулуу Тыныбекова күмүш байгенин ээси болду.

Белгилей кетсек, Олимпиада оюндарында байгеге жетишкен спортчуларыбыздын да рейтингдери көтөрүлдү. 

Токио 2020 Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн 77 килограмм салмактагы грек-рим спортчуларынын рейтингинде экинчи орунга чыкты.

Ошондой эле, Мээрим Жуманазарова Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун 68 килограмм салмактагы балбан кыздардын рейтингинде үчүнчү орунга көтөрүлдү.

Комментарий жиберүү