Олимпиадада байгеге ээ болгон спортсмендердин урматына Ала-Тоо аянтында салтанат уюштурулат

КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги эртең, 7-августта Токио Олимпиадасынан байге алган балбандар Кыргызстанга кайтып келерин билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул эле күнү саат 13:00дө “Ала-Тоо” аянтында Олимпиадалык курама команданын мүчөлөрүнө арналган салтанаттуу кече уюштурулат.
Аталган агенттик спортчуларды тосуп алууну каалаган жарандарга борбордук аянтка келүүнү сунуштап, “Салтанаттуу иш-чарага өлкөбүздүн намысын Токиодогу XXХII жайкы Олимпиадалык оюндарында коргогон спортчуларыбыз, машыктыруучуларыбыз катышып, сиздер менен жүз көрүшөт. Кече кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын коштоосунда өтөт. Ушул жылдын чыныгы каармандарын биргеликте тосуп, алардын кубанычына ортоктош болуп, жеңишти бирге майрамдайлы”, – деп элге кайрылуу жасады.
Эскерте кетсек, Токио 2020 Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло жана Айсулуу Тыныбекова күмүш медалга ээ болушкан.

Комментарий жиберүү