Президент Садыр Жапаров мектептерде акча чогултуу демилгесине каршы чыкты

Билим берүү министрлиги аркылуу алдыраак мектептерде кошумча акча чогултуу боюнча берилген сунушу, өлкөнүн президенти Садыр Жапаров аркылуу четке кагылды.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин министр Болотбек Купешев, окуучулардын ата-энелерине шаардык мектептерде  1000 сом, ал эми айылдык мектептерде 800 сомго чейин кошумча төлөө варианттарын сунуштаган.

Билим берүү министрлигинин мындай сунуштары коомчулукта, айрыкча көп балалуу ата-энелердин нааразы пикирлерин жараткан.

Маселеге байланыштуу, өлкөнүн президенти билдирүү жасап мындай деген: Мектептерде кошумча акча чогултууга толук тыюу салынат.

Анткени бул коррупцияга каршы күрөшүүгө бүт тосмокчу. Кошумча акча чогултуу билим берүү деңгээлин жогорулатпастан, кайра ата- энелерге бир канча көйгөйлөрдү жаратат.

Белгилей кетсек, мектептерде ата-энелерден фондго акча чогултуу көп жылдан бери адатка айланып калган. Муну мектеп кызматкерлери “ыктыярдуу” дегени менен төлөй албаган окуучуларга ар кандай кысымдар көрсөтүлүп келген.

Учурда фондго акча чогултуу тыюу салынганы менен конкреттүү эч кандай чаралар көрүлбөй жатат.

Комментарий жиберүү