Күйүүчү май сактаган кампадан чыккан өрт толук өчүрүлдү (видео)

Күйүүчү май сактаган кампадан чыккан өрт толук өчүрүлдү (видео)

Биринчи Май районунун Тимирязев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу кампадан чыккан өрт саат 10:51де толук өчүрүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү, 1 суу ташуучу унаа, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам топ, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучусу, мындан сырткары ИИМ, тез жардам жана РЭТ кызматкерлери тартылган. Өрттүн жалпы аянты, материалдык чыгымдары жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок.

Прочитайте больше

Бишкекте пластикти кайра иштетүүчү завод иштей баштады

Бишкекте пластикти кайра иштетүүчү завод иштей баштады

Бишкекте пластикти кайра иштетүүчү завод ишке берилгенин мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, пластикти кайра иштетүүчү заводду “Begreen Бишкек Экология” компаниясы ачкан. Заводдо желим чогултуудан тышкары, синтепон буюмдарды да даярдап чыгаруу пландалууда. Ишкананын ачылышына мэриянын жана «Begreen Бишкек Экология» компаниясынын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышкан. “Begreen Бишкек Экология” компаниясы борбор калаага 530 экологиялык таштанды челектерди орноткон.

Прочитайте больше

Кыргызстан «Кумтөрдүн» үзүрүн келерки жылдан баштап көрөт

Кыргызстан «Кумтөрдүн» үзүрүн келерки жылдан баштап көрөт

“Кумтөрдөн” түшкөн таза киреше январга карата 300 миллион долларга жетерин билдирди. Кыргызстан “Кумтөрдүн” үзүрүн келерки жылдан тартып көрө баштайт жана январь айына карата бул ишканадан түшө турган таза киреше 300 миллион долларга жетет деп болжолдонууда. Бул тууралуу  19-декабрда Жалал-Абадда жергиликтүү эл менен жолугушууда президент Садыр Жапаров билдирди. Мамлекет башчысы “Кумтөр” 100% Кыргызстандын колунда экенин, кол коюу процедуралары гана калганын, кол коюларын, эч кандай көйгөй жок экенин айтты жана кирешеге келерки жылы айлык-пенсия көбөйтүлүп, бир катар…

Прочитайте больше

Кыргызстан Түркиядан «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алды

Кыргызстан Түркиядан «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алды

КР УКМКнын Чек ара кызматынын куралдануусуна «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттар келип түштү. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  18-декабрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын куралдануусуна берилген «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарды көрүп чыкты. Мамлекет башчыга бул аппараттарды башкаруу системасы тууралуу айтып, алардын ишин көрсөтүштү. Аталган аппараттар толугу менен республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынды   жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат.

Прочитайте больше

Эксперттер: Электромобилге өтүү – экономикалыкда, экологиялыкда муктаждык

Эксперттер: Электромобилге өтүү – экономикалыкда, экологиялыкда муктаждык

«Жашыл экономика» түшүнүгү Кыргызстанда да кеңири таркап, маанилүү тармакка айланууда. Абанын булгануусунун алдын алууда электр транспорту өзгөчө орунду ээлейт. Кыргызстанга электромобилдерди алып келүүнүн мааниси жана зарылчылыгы тууралуу кененирээк төмөндө. «Кыргызстан — жашыл экономика өлкөсү» концепциясын ишке ашырууга эл аралык уюмдар көмөктөшүүдө. Азыркы тапта Бишкекке электробустарды алып келүү, аларды кубаттоочу түзүмдөрдү орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 50 млн. 650 миң доллар каржылык жардам көрсөтүүнү чечкен. Анын 25 миллион доллары насыя, 25 миллион…

Прочитайте больше

Аскар Акаедин Кыргызстанга эмнеге келгени айтылды

Аскар Акаедин Кыргызстанга эмнеге келгени айтылды

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Кыргызстанга Кумтөр иши боюнча дагы бир ирет сурак берүү үчүн келди. Бул туурасында анын жакындары билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Буга чейин, Акаев кечээ, 14-декабрь таңга маал Москва — Бишкек каттамы боюнча уулу Илим Акаев менен бирге учуп келгени маалымдалган.  Маалыматка караганда, Акаевдин жакындары анын сапары Кыргызстандын укук коргоо органдары менен макулдашылганын, ал Кумтөр кенинин айланасындагы кылмыш иши боюнча УКМКга эки күн сурак берип, кайра кетерин билдиришкен.  Эскертке кетсек, ушул жылдын август айында Аскар Акаев 16…

Прочитайте больше

Келе жаткан жылда патент жоюлуп, 90 миң ишкер киреше салыгынан бошотулат

Келе жаткан жылда патент жоюлуп, 90 миң ишкер киреше салыгынан бошотулат

Жаңы жылда патент алуу системасы жоюлат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди. Анын айымына караганда, Министрлер кабинети соода жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейинки ишкерлерди киреше салыгынан бошотууну пландоодо. Бул ишке ашса алар патент албай калышат. Арзыбек Кожошев бул чечимдин алкагында чакан бизнестеги 90 миң ишкер киреше салыгынан бошотуларын кошумчалап өттү. Ал эми жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашкандар Салык кодексинин негизинде иш жүргүзүшү керек болот. “Министрлер кабинетинин…

Прочитайте больше

Аскар Акаев Кыргызстанга кайра келди

Аскар Акаев Кыргызстанга кайра келди

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда «АКИpress» агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Москва-Бишкек каттамында саат 04:40та уулу Илим менен келген. Кыргызстандын тунгуч президентинин өлкөгө келгени тууралуу маалыматты анын жанында жүргөн адамдар тастыкташкан. Анын Бишкекке эмне себептен келгени азырынча белгисиз.

Прочитайте больше

Дүйнөнүн 63 өлкөсүндө катталган «омикрон» штаммы «дельтадан» канчалык кооптуу?Кыргызстанага даярбы?

Дүйнөнүн 63 өлкөсүндө катталган «омикрон» штаммы «дельтадан» канчалык кооптуу?Кыргызстанага даярбы?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери коронавирустук инфекциянын жаңы “омикрон” штаммына тынчсыздануусун билдиришүүдө. ДССУ коронавирустун жаңы “омикрон” варианты боюнча техникалык маалыматты жарыялады. Документте жаңы штамм дүйнөнүн 63 өлкөсүндө аныкталганы айтылат. Ошондой эле алдын ала маалыматтарга караганда, омикрон штаммы вакциналардын эффективдүүлүгүн төмөндөтүшү мүмкүн экени айтылат. “Бүгүнкү күндө омикрон тууралуу чектелген гана маалыматтар бар жана ага каршы вакциналардын натыйжалуулугун тастыктаган далилдер жок”, – деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө. Мындан тышкары, айрым маалыматтарда “омикрон” дүйнөдө жайылуу ылдамдыгы боюнча “дельта”…

Прочитайте больше

Бишкек Ферганадагы шаарлардын абасы менен салыштырылды (видео)

Бишкек Ферганадагы шаарлардын абасы менен салыштырылды (видео)

Акыркы жылдары Бишкек ааламдагы абасы эң кир шаарлардын эң алдыңкы сабына чыгып келет. Дүйнөлүк рейтингде быйыл дагы алдыңкы сапта турат. Адистер муну көмүрдүн көп жагылышы, шаар географиялык чөөлмөк аймакта жайгашканы жана автоунаанын көбөйгөнү сыяктуу бир канча себептер менен түшүндүрүп келишет. А биз Бишкекти дүйнөдөгү мегаполисттер эмес, Фергана өрөөнүндөгү шаарлар менен салыштырып көрдүк. Кыргызстандын Бишкек шаары абасы кир болгон дүйнөдөгү эң алдыңкы шаарлардын бири. Абанын тазалыгын аныктап турган World Air Quality уюмунун 7-декабрдагы маалыматы боюнча, Бишкек…

Прочитайте больше

“Улуттук энергохолдинг” Токтогул суу сактагычынан казак тарапка суу берилгенин тастыктады

“Улуттук энергохолдинг” Токтогул суу сактагычынан казак тарапка суу берилгенин тастыктады

“Улуттук энергохолдинг” компаниясы жай мезгилинде казак фермерлери үчүн Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызылганы тууралуу Казакстан премьер-министри Аскар Маминдин маалыматын тастыктады. ​”Улуттук энергохолдинг” түшүндүргөндөй, Кыргызстан сууну Казакстан менен электр кубатын алмашуу келишиминин алкагында агызган. Жай мезгилинде берген суусун кыргыз тарап кышында электр кубаты түрүндө кайтарып алат. Казакстан менен жалпысынан 900 млн кВт/саат электр энергиясын жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Кыргызстан сугат маалында Токтогул суу сактагычынан Казакстанга суунун кошумча көлөмүн агызганын казак премьер-министри Аскар Мамин 7-декабрда Нур-Султанда Министрлер кабинетинин…

Прочитайте больше

Электр энергиясы эң арзан өлкөлөр аталды. Кыргызстан канчанчы орунда?

Электр энергиясы эң арзан өлкөлөр аталды. Кыргызстан канчанчы орунда?

Кыргызстан калк үчүн эң арзан электр энергиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде төртүнчү орунду ээледи. Ресурстардын баасын Cable.co.uk порталынын британиялык эксперттери талдап чыгышты. Изилдөчүлөрдүн маалыматы боюнча, Кыргызстанда бир киловатт-саат электр кубаты 0,017 доллар турат. Ал эми Тажикстанда электр энергиянын баасы Өзбекстандыкынан арзан жана Кыргызстандын ресурстарынан кымбат болгон. Алсак, Тажикстанда бир киловатт-саат 0,023 доллар болуп 6-орунда, Ташкент 7-орунда (0,027 доллар), Казакстан 16-орунда (0,039 доллар), Орусия 22-орунда (0,050 доллар) турат. Ошол эле учурда дүйнөдөгү эң арзан электр энергиясы Ливияда….

Прочитайте больше

Парламентке кайсы партиялар өттү?

Парламентке кайсы партиялар өттү?

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу добуштарын кол санак менен эсептөөнүн 100 пайыздык жыйынтыгын серверге киргизип бүттү. Боршайкомдун бюллетендерди эсептөөнү онлайн режиминде көрсөткөн порталынан шайлоодо талапкер көрсөткөн 21 партиянын алтоо 5 пайыздык босогодон өткөнүн көрүүгө болот. 1. «Ата Журт Кыргызстан» — 17,30% (223 миң 892 добуш); 2. «Ишеним» — 13,63% (176 миң 382 добуш); 3. «Ынтымак» — 10,99% (142 миң 267 добуш); 4. «Альянс» — 8,34% (107 миң 859 добуш); 5. «Бүтүн Кыргызстан» — 7,04% (91…

Прочитайте больше

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү күндөн-күнгө азайуда

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү күндөн-күнгө азайуда

Токтогул суу сактагычында агып кирген сууга караганда, агып чыккан суунун көлөмү көп болууда. Бүгүн, 7-декабрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 10 млрд. 874 млн. куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААК маалымдады. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 147 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 422 куб метрге жетүүдө. Быйыл суунун аздыгынан Кыргызстан энергетикалык каатчылыкка кабылды. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калышы мүмкүн деп чочулашууда. Бул Токтогул…

Прочитайте больше

Жаңы жылдан баштап дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат

Жаңы жылдан баштап дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат

2022-жылдын 1-январынан баштап дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирүү жасады. “Жарлыкка ылайык, дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат. Бул иш аз да болсо сиздерге жеңилдик берүү, дыйканчылыкты колдоо максатында болуп жатат. 2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабыш жерлерге салык төлөбөйсүздөр. Сиздер төлөй турган салыкты өкмөт республикалык казынадан төлөп турат. Мындан сырткары, келе жаткан жылы дыйкандар менен фермерлерге жылдык үстөк 6 пайыз…

Прочитайте больше
1 7 8 9 10 11 23