Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү күндөн-күнгө азайуда

Токтогул суу сактагычында агып кирген сууга караганда, агып чыккан суунун көлөмү көп болууда.

Бүгүн, 7-декабрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 10 млрд. 874 млн. куб метрди түздү.

Бул тууралуу «Электр станциялары» ААК маалымдады.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 147 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 422 куб метрге жетүүдө.

Быйыл суунун аздыгынан Кыргызстан энергетикалык каатчылыкка кабылды. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калышы мүмкүн деп чочулашууда. Бул Токтогул ГЭСинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн.

Ошондуктан, адистер электр жарыгын өчүрүп үнөмдөбөсө, суунун керектүү көлөмүн сактап калуу мүмкүн эместигин айтышууда.

Комментарий жиберүү