Электр энергиясы эң арзан өлкөлөр аталды. Кыргызстан канчанчы орунда?

Кыргызстан калк үчүн эң арзан электр энергиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде төртүнчү орунду ээледи.

Ресурстардын баасын Cable.co.uk порталынын британиялык эксперттери талдап чыгышты.

Изилдөчүлөрдүн маалыматы боюнча, Кыргызстанда бир киловатт-саат электр кубаты 0,017 доллар турат.

Ал эми Тажикстанда электр энергиянын баасы Өзбекстандыкынан арзан жана Кыргызстандын ресурстарынан кымбат болгон. Алсак, Тажикстанда бир киловатт-саат 0,023 доллар болуп 6-орунда, Ташкент 7-орунда (0,027 доллар), Казакстан 16-орунда (0,039 доллар), Орусия 22-орунда (0,050 доллар) турат.

Ошол эле учурда дүйнөдөгү эң арзан электр энергиясы Ливияда. Өлкөнүн тургундары бир киловатт-саат үчүн болгону 0,007 доллар төлөшөт.

Эң кымбат электр энергиясы Соломон аралдарында. Ал жактагы калк бир  киловатт-саат үчүн 0,591 доллар төлөйт.

Жалпысынан аналитиктер 230 өлкөдө 3883 тарифти изилдешкен. Дүйнөдө бир киловатт-саат электр кубатынын орточо баасы 0,165 долларды түзөт.

Комментарий жиберүү