Дүйнөнүн 63 өлкөсүндө катталган «омикрон» штаммы «дельтадан» канчалык кооптуу?Кыргызстанага даярбы?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери коронавирустук инфекциянын жаңы “омикрон” штаммына тынчсыздануусун билдиришүүдө.

ДССУ коронавирустун жаңы “омикрон” варианты боюнча техникалык маалыматты жарыялады.

Документте жаңы штамм дүйнөнүн 63 өлкөсүндө аныкталганы айтылат. Ошондой эле алдын ала маалыматтарга караганда, омикрон штаммы вакциналардын эффективдүүлүгүн төмөндөтүшү мүмкүн экени айтылат.

“Бүгүнкү күндө омикрон тууралуу чектелген гана маалыматтар бар жана ага каршы вакциналардын натыйжалуулугун тастыктаган далилдер жок”, – деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Мындан тышкары, айрым маалыматтарда “омикрон” дүйнөдө жайылуу ылдамдыгы боюнча “дельта” штаммынан ашары айтылат.
Бирок ДССУнун эксперттери жаңы штамм анчалык коркунучтуу эмес деп эсептешет, анткени оору аныкталган учурлардын көбү симптомсуз же жеңил жана орточо симптомдор болгон.

“Омикрон” деген аталыш алган жаны штамм биринчи жолу ушул жылдын ноябрь айынын аягында Ботсванада жана Түштүк Африкада табылган. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, ал коронавирустун мурунку версияларынан көп жагынан айырмаланат.

Анын белгилери чоңдордо жана балдарда ар кандай болот. Аларды жалпылай турган болсок, адамда чарчоо байкалып, башы ооруп, тамакка табити жоголуп, териде бүдүр-бүдүр темгил пайда болот.

Уюмдун эксперттери байкоолорго таянып, коронавирустун жаңы штаммы “омикрон” жеңил формада өтөт деп эсептешет.

Жаңы штаммга байланыштуу кээ бир өлкөлөр чек арасын жапса, бир катар өлкөлөр вирустун бул штаммынын жайылуусун алдын алуу үчүн чектөөлөрдү киргизишүүдө.

Мисалы, Орусия чек арадагы көзөмөлдү күчөттү. Чек ара кызматкерлери Африкадан үчүнчү өлкөлөр аркылуу кайтып келгендерге өзгөчө көңүл бурушууда. Түштүк Африкадан жана коңшу өлкөлөрдөн келгендердин баары эки жумага карантинге алынууда. Орусияда учурга  чейин жаны штамм төрт кишиден аныкталды, ал Африкадан алынып келинген.

Казакстан да “омикрондун” жайылышын алдын алуу үчүн 3-декабардан тарта Африканын түштүгүндөгү бир нече өлкөдөн жана Гонконгдон келгендерге чектөө киргизген.

Кыргызстанда “омикрон” штаммынын бир дагы учуру расмий түрдө каттала элек. Ошого карабастан республикада жаңы чектөөлөр киргизилип, коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Алсак, 29-ноябрда министрлер кабинети жаңы штаммы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен шашылыш консультациялык жолугушуу өткөрүп, Саламаттык сактоо жана Тышкы иштер министрликтерине вирустун жаңы мутациясынын Кыргызстандын аймагында жайылып кетпеши үчүн чара көрүү тапшырмасы берилген.

Министрлер кабинети 1-декабрдан тарта өлкөгө кирүүдө бир катар чектөөлөрдү киргизген. Инфекциянын жаңы “омикрон” штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандарына Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынат.

Чек арадан кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Чет өлкөлүктөр да, кыргызстандыктар да вакцина алгандыгына карабай, тесттен өтүүгө тийиш.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттер менен болгон жолугушууда министрлик коронавирустун “омикрон” штаммынан коргонууга толугу менен даяр экенин айткан.

Ал “омикрон” штаммы Кыргызстанга да келерин жана анын алдын алуу үчүн чек араларды жабуудан башка жол жок экенин, бирок мындай кылуу мүмкүн эместигин билдирген.

Комментарий жиберүү